www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын Жогорку соту бүгүн, 14-январда экс-президент Пак Кын Хени 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн «KBS» телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара алып, акча талап кылган. Бул үчүн экс-президентке 22 жыл абакта калуу чечими чыгышы керек болгон.

Маалым болгондой, 22 жылдын 2 жылын экс-президент «Сенури» партиясынан президенттикке талапкерлерди көрсөтүү жараянына мыйзамсыз кийлигишкени үчүн отурат.

Белгилей кетсек, 2017-жылы сотПак Кын Хени пара алуу, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча айыптап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары 18 миллард вон айып пул салынган.

Эске салсак, Пак Кын Хе 2013-жылы Түштүк Кореянын президенти болуп шайланган. Ал Түштүк Кореянын тарыхындагы биринчи аял президент болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости