www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго сырттан айып тагылганын Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Маалыматка караганда, мындай чечимди 18-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарып, УКМКнын Илмияновду камакка алуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Ага ылайык, Илмияновго сырттан айып тагылган, ал "УКМКнын тергөө абагына камакка алынсын" деген чечим чыккан. Анда Илмияновго эмненин негизинде айып коюлганы жазылган эмес.

"Шопур" деген каймана ат менен таанылган жана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылган Икрамжан Илмияновдун азыр кайда экени белгисиз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости