www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот Москва райондук сотунун судьясы Б.Т.Кнын камалышы боюнча комментарий берди. Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, өлкөдө соттор ротациялангандан кийин компетентсиз, коррупцияга малынган судьялардан арылуу боюнча жигердүү иштер жүргүзүлөт.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир багыты катары соттордо масштабдуу ротация жүргүзүлгөн. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков ротациядан кийин бир катар судьялар боюнча Судьялар кеңешине сунуш жөнөтүп, анын негизинде айрымдары кызматынан бошотулса, кээ бирлерине тийиштүү тартип чаралары көрүлгөн.

З.Базарбеков системанын ичинде коррупцияга каршы күрөш катуу жүргүзүлөрүн бир нече жолу судьяларга эскерткен, деп кошумчалады Жогорку соттун басма сөз кызматы. Сот реформасынын кийинки этабы иштин сапатына өтүү. Тактап айтканда, бул багытта дагы компетентсиз, коррупцияга малынып жаткан судьялар менен күрөш улантылат.

«Төрага сот системасында мындай көрүнүштөрдү жоюу боюнча, жигердүү ишаракеттер көрүлүп, тазалануу иштери башталгандыгын билдирген. Эгер соттор арасында пара менен кармалып, коррупцияга жол берип жаткан көрүнүштөр болсо, мындай судьяларга жана аппарат кызматкерлерине катуу чаралар көрүлөт», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев соттор менен адвокатурадагы коррупция менен күрөшө тургандыгын билдирген.

«Коррупцияны ооздуктоо боюнча биргелешкен иш аракеттер мындан ары дагы улантыла берет», - деп билдирди соттун басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости