www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынан каарлашкандай, мыйзам 2024-жылдын 24-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамда төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу каралган:

– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу, алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы багытталган жоопкерчиликти жана чаралардын системасын белгилөө, ушул Мыйзамды колдонууга байланыштуу юридикалык жана жеке жактардын укуктарын жана милдеттерин аныктоо;
– Кыргыз Республикасында контролго алынуучу баңгизат каражаттарынын тизмеси;
– баңгизат каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндө милдеттендирүүчү, тыюу салуучу жана чектөөчү чаралар;
– баңгизат каражаттарын мыйзамдуу жүгүртүү субъекттери;
– медициналык, ветеринардык, илимий жана соттук-эксперттик максаттарда керектөө үчүн арналган баңгизат каражаттарынын жана психотроптук заттардын санына мамлекеттик квоталар;
– баңгизат каражаттарын мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо, лицензиялык контролдоо, отчеттуулук, эсепке алуу жана инвентаризациялоо;
– лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлери, баңгизат каражаттарын мыйзамдуу жүгүртүү субъекттеринин мамлекеттик реестри;
– баңгизат каражаттарын колдонууга уруксат берилген учурлар;
– баңгизат каражаттарынын мыйзамдуу жүгүртүлүшүн контролдоо режими жана анын түрлөрү;
– баңгизат каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ташуу укугу изин суутпай издөө, контрчалгындоо жана кылмыш-жаза процессуалдык ишинин жүрүшүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга лицензиясыз берилет;
– баңгизат каражаттарын ташып кирүү, ташып чыгуу жана транзиттөө боюнча ишти лицензиялоо;
– ички иштер, саламаттык сактоо, ветеринария, улуттук коопсуздук, коргоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу, бажы иши, жазык-аткаруу тутуму, өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан баңги каражаттарынын жүгүртүлүшүн контролдоону жүзөгө ашыруу, ошондой эле баңги каражаттарын жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын прокуратура органдары тарабынан өз компетенцияларынын чектеринде так жана бир түрдүү аткарылышына көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
– баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү чаралары каралган.

Последние новости