www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот мурдагы чиновник Улан Уезбаевге өкүм чыгарды

Мурдагы чиновник Улан Уезбаевге Жогорку соттун өкүмү чыкты. 2021-жылы декабрь айында УКМК Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Уезбаевди кармаганын жар салган. У

езбаев транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп турганда 45 миң доллар пара алган деп айыпталган. 2023-жылы июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Уезбаевди актаган. Бирок декабрда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, Уезбаевди күнөөлүү деп таап, жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза берген эмес.

Уезбаев жабырлануучуга материалдык зыянды — 2 млн 655 миң сомду төлөп берген. Уезбаев 2023-жылы ноябрда Бишкек мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү депртаментинин башчысы болуп дайындалган. Бирок ушул жылы 17-январда кызматтан алынган болчу Уезбаевге кандай күнөө коюлган?

Уезбаев 2014-жылы июлда транспорт жана коммуникация министринин орун басары кызматына дайындалган. Андан кийин «Империал групп» (азыркы «Жагалмай») компаниясынын ээси Зайырбек Сарсеитов менен сүйлөшүп, ага унаа жолдорду реконструкциялоо боюнча тендерлерде көмөктөшүүнү убадалаган. 2015-жылы октябрда Уезбаев Сарсеитов жана анын тууганы менен жолугуп, 45 миң доллар алган, бирок убадасын аткарбай койгон.

Буга байланыштуу Сарсеитовдун компаниясы жол реконструкциялоо боюнча бир дагы тендерди уткан эмес. Жыйынтыгында Жогорку сот Бишкек шаардык сотунун өкүмүн күчүндө калтырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости