www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сот: Сентябрда соттордун ишине баа берилет

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарып, сот системасында аткарылган иштерди, көйгөйлөрдү жана алдыдагы милдеттерди талкуулады.

Жыйындын жүрүшүндө соттордун иш сапатына байланыштуу бир катар сын-пикирлер айтылып, сот адилеттигинин сапатын жогорулатуу, ишти уюштурууну жакшыртуу жана коюлган талаптарды так аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.

Ошондой эле 2026-жылдын сентябрь айында өлкөдөгү ар бир соттун ишмердүүлүгүнө өзүнчө баа бериле турганы белгиленди.

Баалоонун жыйынтыгы сот системасындагы мүчүлүштүктөрдү аныктоого жана иштин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталат.

Жогорку сот алдыдагы мезгилде сот адилеттигинин сапатын камсыз кылуу жана жарандардын ишенимин бекемдөө боюнча иштерди улантарын билдирди.

Последние новости