www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш Жогорку соттун судьясы Камиль Осмоналиевди убактылуу жумуштан четтетти. Мындай чечим бүгүнкү парламенттин отурумунда кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Камиль Осмоналиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканы тууралуу маалымат тараткан. Судья кармалып, Бишкектин Биринчи май райсоту тергөө учурунда аны камакта кармоо чечимин чыгарган.

Мекеменин маалыматына караганда, судьянын тиешелүү киреше булагы жок туруп, көп сандагы кыймылсыз мүлккө — белгилүү курулуш компаниялардан алынган батирлерге, Ысык-Көлдүн жээгиндеги көрүнүктүү пансионаттардагы коттедждерге, соода борборлорундагы коммерциялык объектилерге, люкс классындагы автоунааларга жана VIP-шаарчадагы элиталык кыймылсыз мүлккө ээ экени аныкталган.

Эске салсак, соттор кеңешинин Тартип комиссиясы башкы прокурор Курманкул Зулушевге Жогорку соттун судьясы Камиль Осмоналиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости