www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык ишкер Василий Щербина Бишкектеги өзүнө таандык болгон "Спекулянт" дүкөндөр тармагын белгисиз жарандар келип басып алгандыгын өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, 2021-жылдын 13-январында ал Орусияда жүргөн мезгилде кызматкерлери ага телефон чалып, белгисиз адамдардын тобу кампага кирип келип, жумушчуларга видеого тартууга тыюу салып, көчөгө чыгарып салышкан.

Ошондой эле анын билдирүүсүндө, кызматкерлердин бири милиция кызматкерлерин чакырууга үлгүргөндүгүн, бирок эч ким келбегендиги кабарланган. Кампага кирип келгендер өздөрүн Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын кызматкерибиз деп тааныштырышкан. Ошол эле учурда ал Кыргыз өлкөсүнө келүүдөн коркуп жаткандыгын жазган.

Бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылганыбызда, ведомстволор аралык тергөө тобу мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктү калкка сатуунун коррупциялык схемасын аныктап, токтотконун билдирди.

"Тергөө тарабынан Бишкек шаарынын "С" жана "Н" коммерциялык компанияларынын жетекчилери жана кызматкерлери айрым мамлекеттик органдардын кызмат адамдары менен биргеликте алдын ала сүйлөшүү жолу менен укук коргоо жана фискалдык органдардын айрым кызмат адамдарынын колдоосуна таянып жарамдуулугунун мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш продуктуларын өлкө аймагына алып кирүүгө туруктуу коррупциялык байланыш уюштургандыгы жана жарактуулук мөөнөтүнүн этикеткаларын жасалмалоо жолу менен соода тармактар аркылуу калкка жайылтышкандыгы аныкталган.

Тинтүү жүргүзүү учурунда коммерциялык компаниялардын офистеринде жана кампа жайларында мөөнөтү өтүп кеткен ири көлөмдөгү продукциялар табылган, ошондой эле товарлардын жарактуулук мөөнөтүн даярдоо боюнча жабдуулар жана алар менен бирге жасалма этикеткалар табылган", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Бул боюнча эки жооптуу кызматкер кармалып Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 


 

Последние новости