www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кемпир-Абад иши боюнча Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан саясатчы, активисттер бул иш боюнча соттук териштирүүнүн создугушу тууралуу Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун сөздөрүнө жооп берди. Алардын катында “шектүүлөр камерадан чыкпай коюуда” деген калп экени, мындай окуя бир да жолу болбогону жазылган.

“Кемпирабадчылар камерадан чыкпай койсо”, “сотко келбей койсо” №1 тергөө абагынын, Конвой департаментинин кызматкерлери акт түзөт, тергөө абагында да, сот залында да видео жазууга жазылат. Бул көрсөткүчтөр сиздин жалган маалымат таратып атканыңызды бат эле далилдеп коёт. “Кемпирабадчылар” бир да жолу камерадан чыкпай коюп, сотко келбей калган учуру болгон эмес. Принципиалдуу түрдө судья Марат Сыдыковдон ачык сот өткөрүүнү талап кылып келебиз. Ушул маселе боюнча көп учурда талаш-тартыш жаралат”, - деп айтылат катта.

Замирбек Базарбеков берген маегинде Кемпир-Абад ишине байланыштуу суроого  жооп берген. Ал “Сот процессинин мынчалык создугуп жатышынын негизги себебин эмнеде?” деген суроого мындайча жооп берген: “Анын көп себептери болууда. Сот ишинин кечеңдеп жатышына кармалгандар өздөрү себепкер болууда. Мисалы, кармалып отурган адамдар өзүлөрү же адвокаттары келбей койгонунан ишти кароо башка күнгө жылып калууда. Ар кандай өтүнүчтөрдөн улам сот кийинки күнгө которулууда. Кээде күбөлөр келбей койууда. Мунун баарын прокуратура жакшы билет”, - деген Замирбек Базарбеков.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости