www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыйынды өткөрүүнүн максаты Кеңештин жаңы мүчөлөрү менен таанышуу, пикир алмашуу, өз ара кызматташууну чыңдоо жана жогорку сот органынын ишмердүүлүгү үчүн маанилүү маселелер боюнча сунуштарды иштеп чыгууда Кеңештин мүчөлөрүнүн активдүү катышуусун камсыз кылуу болду.
Өз сөзүндө Төрага Илимий-консультациялык кеңештин катчысы болуп Жогорку Соттун судьясы, юридика илимдеринин доктору Айбек Абубакирович Давлетов дайындалганын билдирди. Ошондой эле Кеңештин курамы оптималдаштырылып, анын Жобосу жаңыланганын белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, Жогорку Соттун Пленуму сот практикасынын маселелери боюнча түшүндүрмө берет жана бул түшүндүрмөлөр өлкөдөгү бардык соттор жана судьялар үчүн милдеттүү болуп саналат. «Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» конституциялык Мыйзам жана Жогорку соттун Регламентинин негизинде Пленум соттук практиканын бирдей колдонулушун камсыз кылууда негизги ролду ойноп, ал укуктук нормаларды колдонуу маселелерине байланыштуу түшүндүрмөлөрдү сот практикасын жалпылоо негизинде бере тургандыгын Медербек Сатыев катышуучуларга эскертти.
Маалым болгондой, 1962-жылдан 2025-жылга чейинки Пленумдун бардык токтомдору кайра каралып чыккан, ал эми 1962-жылга чейинки токтомдор мамлекеттик архивге өткөрүлгөн.
«Жалпы 131 токтомдун ичинен 81 токтом азыркы мыйзамдарга шайкеш келбегендигине байланыштуу күчүн жоготту деп табылды. Ал эми 6 токтомго тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылы 5 жаңы токтом кабыл алынды. Ал эми 7-ноябрда Пленумда дагы эки жаңы токтом – баңгизаттарды камтыган каражаттар жана эмгек талаштары боюнча документтер каралат. Төрага катары Кеңештин жаңы мүчөлөрүн ушул маселелерге көңүл бурууга жана зарыл болсо өз сунуштарын берүүгө чакырам. Азыркы учурда 61 токтом күчүндө, жыл аягына чейин дагы бир нече жаңы токтом кабыл алуу пландалууда. Бул абдан татаал, чоң эмгекти талап кылган иш болду. Ошондуктан мен судьяларга жана борбордук аппараттагы кесиптештерибизге ыраазычылыгымды билдирем», – деди Жогорку Соттун Төрагасы.
Медербек Сатыев Пленумдун өлкөнүн сот системасындагы ордун баалоо кыйын экенин белгилеп, анын ишиндеги Илимий-консультациялык кеңештин ролу да өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Пленумда карала турган көптөгөн маселелер адегенде Кеңештин жыйындарында талкууланып, андан кийин Пленумдун кароосуна чыгарылат. Зарыл учурда Пленум сот практикасына байланыштуу токтом долбоорлорун даярдоо үчүн Кеңештин мүчөлөрүнөн турган редакциялык комиссия түзөт жана аларды Пленум жыйындарына катыштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Жыйындын соңунда Төрага Кеңештин жаңы мүчөлөрүн курамга киргизилгени менен куттукталып, аларга ишинде ийгилик каалады.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Илимий-консультациялык кеңештин ишин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында анын жаңы курамы бекитилген. Азыркы учурда Кеңештин курамына 42 мүчө кирет, мурда алардын саны 53 болгон.