www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол эрежесин бузуу боюнча токтомдор “Түндүк” аркылуу жөнөтүлөт

 23-майынан тартып Кыргызстанда жол эрежесин бузууга байланыштуу токтомдор жарандарга "Түндүк" мобилдик тиркемеси жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу электрондук форматта жеткириле баштайт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, жаңы тартип "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында ишке ашырылууда.

Анын негизги шарттары: Жаран тиркемеден токтомду ачып, "Тааныштым" же "Таанышкан жокмун" баскычын басканда, система убактысын автоматтык түрдө каттайт. Бул расмий тааныштык катары эсептелет.

  • Эгер айдоочу 30 календардык күндүн ичинде электрондук токтом менен таанышпаса, документ мурдагыдай эле почта аркылуу заказдык кат менен үйүнө жөнөтүлөт.
  • "Түндүк" аркылуу айып пулдарды онлайн төлөөгө болот. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөнгөн учурда жеңилдик автоматтык түрдө колдонулат.

ЖКККББ жарандарды "Түндүк" тиркемесин активдүү колдонууга жана жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Последние новости