www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 30-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, накталай эмес төлөм жүргүзүүдө троллейбус жана автобустарда жол кире 17 сомду түзөт, ал эми валидатор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда жол кире акысын накталай акча менен төлөөдө 20 сомдон алынат. Ошондой эле маршруткаларда жол кире акысы 20 сомго көтөрүлөт.

Ошол эле учурда жарандар автобус же троллейбуста жол кире акысын MegaPay тиркемеси аркылуу төлөшсө, жол кире акысы 11 сомду түзөт, анткени MEGA мамлекеттик ишканасы муниципалитетке 6 сомду кайтарып берет.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы MEGA мамлекеттик ишканасы менен меморандум түзгөн, муниципалитет ошондой эле башка кызыкдар компаниялар менен кызматташууну пландап жатат.

Белгилей кетсек, жаңы тариф борбор калаанын пенсионерлерине эч кандай таасир этпейт жана алар үчүн мурдагыдай эле калат. Алар муниципалдык транспортко (автобус, троллейбус) акы төлөөдөн толугу менен бошотулган, ал эми кичиавтобустарда 8 сомдон жеңилдетилген тариф менен төлөшөт.

Учурда автобус жана троллейбуста жол кире акысы 11 сомду, маршруткаларда 15 сомду түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости