www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен областынын Лейлек районунда жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин ден соолугунун абалы тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымат берди.
2026-жылдын 4-апрелинде Баткен областынын Лейлек районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна тез медициналык жардам аркылуу 2004-жылы туулган Н.Д. аттуу бейтап (аскер кызматкери) жол-транспорт кырсыгынан жабыркап түшкөн.
Ал өтө оор абалда шашылыш түрдө Лейлек районунун ЖДПБсына жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бейтапка жабык баш мээ жаракаты, баш мээнин оор даражадагы жабыркашы, субарахноидалдык кан куюлуу деген диагноздор коюлган.
Аскер кызматкерине медициналык жардам көрсөтүү маселеси Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан жеке көзөмөлгө алынган. Саламаттык сактоо министрлигине зарыл болгон бардык чараларды көрүү, анын ичинде бейтапты адистештирилген медициналык мекемелерге которууну уюштуруу тапшырылган.
Ыкчам тартипте дарыгерлердин консилиумдары өткөрүлүп, ошондой эле травматологдордун, невропатологдордун жана нейрохирургдардын катышуусунда дистанциялык консультациялар (ВКС) уюштурулган. Санитардык авиация аркылуу Ош шаарынан нейрохирург жана анестезиолог-реаниматолог жөнөтүлүп, алар адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүгө жана операция жүргүзүүгө катышкан.
Учурда бейтаптын абалы өтө оор деп бааланууда, ал жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Медициналык жардам толук көлөмдө көрсөтүлүүдө.
Бүгүнкү күнгө карата профилдик адистердин катышуусунда кошумча консилиум өткөрүү пландалууда. Абалы турукташкан учурда бейтапты андан аркы дарылоо үчүн үчүнчү деңгээлдеги медициналык мекемелерге которуу маселеси каралат.
Белгилеп кетсек, учурда бейтапты ташуу медициналык көрсөткүчтөргө байланыштуу чектелген жана анын абалы турукташкандан кийин гана мүмкүн болот.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов бул маселени туруктуу көзөмөлүндө кармап турат.