www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 4-апрелде парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев жол тыгынын чечүү боюнча программасын сунуштаганын билдирди. Анда калаадагы айрым мектептерде таңкы саат 7де, кээ бир мекемелерде саат 10до иш баштоо сунуштары бар.

“Азыр күндүз жүк ташуучу автоунааларды киргизүүгө тыюу салынды. Бул сунуштарды колдоп жатам. Айрым мектептерде сабак 7де башталат, айрым аябай көп адам иштеген мекеме-ишканалар саат 10до ачылат. Азыр иш убактысын тактоого аракет кылып жатышат”, - деди Жапаров.

Анын айтымында, баш калаадагы жол тыгын маселеси үч жылдын ичинде чечилет.

Бишкекте мектептерде сабак саат 8де, көпчүлүк мекеме-ишкананын жумушу саат 9да башталат.

Буга чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкекте жеңил автоунаалардын саны жарым миллионго жеткенин, машиналардын көптүгүнөн калаадагы жол тыгындарын жоюу кыйын болуп жатканын билдирген.

Быйыл Бишкекте муниципалдык автобус көбөйтүлүп, алар үчүн чоң жолдордо атайын тилке ачылды. Мэрия муну көйгөйгө айланган тыгынды азайтуу, коомдук транспорттун ылдам жүрүшүнө шарт түзүү аракети катары түшүндүргөн. 

Последние новости