www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балбан Жоламан Шаршенбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу желек боюнча жаңы билдирүү жасады.
«Арыбаңыздар! Урматтуу кыргыз элим! Ар бир жаран өз оюн айтканга укугу бар. Бирок ошол эле учурда кээ бир адамдар менин жеке пикиримди, оюмду бурмалап жаткандыгы өкүнүчтүү. Мен профессионалдык спорт менен гана алекмин, эч кандай саясий иштерге аралашпайм. Ар дайым Кыргызстандын туусун дүйнө жүзүнө таанытууга болгон күчүмдү жумшайм! Кыргызстандын желеги желбирей берсин!», - деп жазды ал.
Эске сала кетсек, буга чейин Шаршенбков жалпыга маалымдоо каражатына алдыдагы мелдештерге эски туу менен гана чыга турганын билдирген болчу.
Андан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ага жооп берген.
«Бир дагы спортчу мамлекеттик желексиз расмий мелдештерге катыша албайт. Ошентип эле көрсүн!», - деп жазган Ташиев социалдык тармактагы Шаршенбековдун пикири берилген билдирүүнүн алдында.
Булак: NazarNews.kg