www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекетте инфраструктураны өнүктүрүү боюнча эмне иш жүргүзүлүп жатат? Карыз менен болсо да Кубанычбек Жумалиевдин жүрөк каалоосу боюнча Атамбаев атындагы Түндүк-Түштүк альтернативдү жолу курулуп жатат. Ал эми Акаев келсе анын жанында чарк айланып жүрөт дешет. Балким Акаевдин атын Ош-Бишкек жолуна койом деп чыгар. Азия банкынын жардамы менен Бишкек — Ош автомобиль жолун реконструкциялоо иштери аякталган; Бишкек — Торугарт трассасы боюнча долбоордук-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул автотрассаларды ишке киргизүү Кыргызстандын туристтик потенциалын кыйла арбытат. Аталган багыттар Улуу жибек жолунун негизги каттамдар бөлүктөрүнө дал келет, ошондуктан бул трассалар боюнча саякаттарды уюштуруу туризмдин негизги түрлөрүнүн бири болуп калат. Туристтерге ыңгайлуу болсун үчүн автотрассаларга тийиштүү курулуштар курулуп, жол тасмасы жана жол коопсуздугу жакшыртылат, жол сервисинин көп багыттуу тармагы, анын ичинде тез кабар жана тез жардам пункттары түзүлөт, трассалар чет тилдериндеги көрсөткүчтөр жана маалымат такталар менен жабдылат. Экинчи бир маанилүү маселе – бул телекоммуникациялык тармакты өнүктүрүү.
Кыргызстанда эл аралык байланыштын ар кандай түрлөрү, анын ичинде уюк телефон байланышы бар экендигине карабастан азыркы радиорелелик берүү системасынын жана коммутациялык станциялардын базасында Кыргызстанда байланышты түзүү боюнча Дүйнөлүк жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банктары каржылаган Телекоммуникациялардын биринчи долбоору ишке ашырылууда. «А» стандартынын космостук байланышынын жер үстүндөгү комплекси менен эл аралык станция орнотулат. Андан тышкары Кыргызстан байланыштын транс-азиялык-европалык магистралы боюнча дүйнөнүн көптөгөн мамлекети менен байланыштын түздөн-түз кабелдик каналдарына ээ болот. Бул үчүн жаңы аппарат болгон SDН-технология менен жабдылган 165 км була-оптикалык байланыш линиясы курулат. Эл аралык транспорттук катнаш ийгиликтүү чечилүүдө. Кыргызстандын туристтик ресурстарын,туризм менен эс алуунун колдо турган инфраструктурасын жана объекттерин эске алуу менен туризмдин төмөндөгүдөй түрлөрүн: Улуу жибек жолунун негизги багыттары боюнча өтүүчү рекреациялык, эл аралык, Дүйнөлүк туристтик уюмдун жана ЮНЕСКОнун «Жибек жолу» биргелешкен долбоорунун чегинде тобекелдүү альпинизм, тоо туризми, рафтинг, спелеология, тоо лыжасы, аңчылык, экотуризм, аңчылык туризмин өнүктүрүүгө басым жасоо болжолдонууда. Республиканын тоолуу мүнөзүнө ылайык, туристтик сунуштун маанилүү бөлүгү капиталдык чоң салымдарды талап кылбаган жана чет өлкөлүктөргө кеңири тараган тобокелдүү туризм болуп эсептелет. Алардын бири Кыргызстандын жерлери аркылуу өткөрүлгөн экстремалдык жарышынын 14 чет өлкөнүн топтору «Рейд Голуаз» аттуу дүйнөлүк чемпионаты болуп саналат. Туризмдин ушундай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн келүүчүлөргө чек коюлган атайын аймактар –альпинистик-туристтик зоналар негиз болуп берүүгө тийиш, аларда туризмдин тобокелдүү түрүн өнүктүрүү үчүн таяныч түйүндөр жайгаштырылат.
Туристтик потенциалдын өсүшү күтүлүүдө, ал өнөр жайды, транспортту, элдик көркөм чеберчиликти, курулушту, мейманканалык тейлөөнү, башка кызматтарды өнүктүрүүгө көмөк берет. Туризм алыскы айыл региондорун көрктөндүрүлүшүнө, экологиялык чөйрөнү коргоого, жергиликтүү калктын экон. жашоо-турмуштук ыңгайынын жогорулашына таасир этет. Жагымдуу экономикалык зонаны түзүү, туризм чөйрөсүндөгү чакан жана орто ишкердикти колдоо жана өнүктүрүү, туризмдин материалдык-техникалык базасына жана анын инфраструктурасына көмөк берүү, туризмде рыноктук мамилелерди калыптандыруу үчүн туристтик тармактын өнүгүшүнө түрткү берүүчү бир катар документтер иштелип чыккан: Келечекте республикада туризмди өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын концепциясы жана программасы бекитилген. Кыргыз Республиканын Өкмөтүнүн алдында туризм боюнча координациялык кеңеш түзүлгөн. Жүргүзүлүп жаткан реформалардын натыйжасында Кыргызстанда тейлөө рыногу түзүлүп калды. Туристтик бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө. Фирмалардын саны көбөйүп, бүгүнкү күндө 250дөн ашуун, алар 200 миңдей жумушчу орундарын түздү. Статистикалык маалыматка ылайык миңдеген туристтер келип кеткен. 1990-жылга салыштырганда туристтердин жалпы агымы 64%тен ашуунга көбөйгөн.
Мамлекеттик алым жана салыктар түрүндө жыл сайын мамлекеттин бюджетине көптөгөн миллионго жакын сом түшөт. Чет өлкөлүк туристтерди кабыл алуудан түшкөн киреше жылдан жылга көбөйүүдө. Фирмалардын аларга катышуусу Республиканын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көбүрөөк рекламалоого жана ар кайсы өлкөлөрдүн эң ири туроператорлорунун көңүлүн бурууга мүмкүндүк берет. Туризм жаатында кеңири тажрыйба алмашылып, өнүккөн өлкөлөрдүн инфраструктурасы, улуттук маданияттын салт-санаалары, рекламалык-маалымат чөйрөсүндөгү жетишкендиктер, туризмдин калктын социалдык-экон. абалына тийгизген таасирлери кеңири каралган. Жыйынтыктап айтканда Кыргызстанда туризмдин тез жана пайдалуу өнүгүшүнө толук ыңгайлуу шарттар бар. Аларды азыркы базар экономикасынын шартына ылайык натыйжалуу жана айлана чөйрөгө зыян болбогондой таза пайдаланып, калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк түзүп, келечекте өлкөнүн социалдык жана экономиканын өнүгүшүндө реалдык сектордун негизги тармагына айландыруу зарыл.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg