www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кумтөргө" байланыштуу бир канча аткаминер мыйзам бузган”, - деди бүгүн, 6-августта NazarNews маалымат агенттигине Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин директору Динара Кутманова.
--"Азыркы убакта "Кумтөр" боюча иштер уланууда. Ал жакта мыйзамсыз иштер көп болгон. Анын баары келип эле мамлекетке зыян алып келген. Учурда жарандык активисттер чет мамлекттик мыкты юристтерге кайрылып, кеңештерди алышууда. Бир жыйынттыкка келгенден кийин документтерди даярдап, АКШ же Европа сыяктуу чоң мамлекеттерге кайрылышат.
Ошондой эле биздин адистер экологияга зыяндуулугу боюнча дагы аракеттерди көрүшүүдө. Мен 2013-жылы Жогорку Кеңештен "Кумтөр" тууралуу мыйзамсыз иштерди айтканда микрафонду өчүрүп коюшкан. Башкы прокурорго суроо берип, чара көрүүнү талап кылгам, ал “карайбыз” деген. Тилекке каршы ошондо жыйынтык болгон эмес. Бул ишке аралашкан аткаминерлерге эч кандай чара көрүшкөн жок.
Быйыл гана айрымдарына чара көрүлө баштады. Бирок дагы убакытты өткөрбөстөн, ким мамлекетке зыян келтирсе кечиктирбей ошол жоготуулардын ордун толтуруш керек", - дейт директор.
Булак: NazarNews.kg