www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коомдук ишмер Жолдош Орозов менен баарлашып кайчы пикир жараткан маселелер боюнча ой бөлүштүк.

--Жолдош мырза, Кубанычбек Жумалиев Куран кармаганы чоң талкууга жем таштады. Негизи Куран кармап актанганы туура болдубу же калпыстыкка жол берип алдыбы?

--Куранды кармап карганыштын өзү ал кишинин алысты ойлоно албаганын көрсөтүп койду. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат ыкмасын колдонуп жатканына элдин бары түшүнүп, азыр наалат айтып жатышат. Өзүнүн жакын адамдары Кыргызстандын булуң-бурчунан көп нерселерди пирихват кылганын айтышууда. Дээринде жок үчүн Куранды кармап карганып, бечеранын кейпин кийиши анын ким экенин тастыктап турат. Уурунун көчүгү кууш деген сөз далилденип жатат жана далилденет. Куранды карманганы туура эмес болгонун мурдунун учун көрө албаган бечера түшүнөт бекен? Айтмакчы ал куучирен өзүн коргоо комитетин түзүп жатыптыр деген сөз чыкты, эгер ошол сөз чындык болсо, ал ак болсо кимден коргонот? Азыркы коррупциянын өсүп жетилишине Акаев жана анын лаборантты чоң салым кошкондугу бүт элге маалым, жыйынтыгын көрүп жатабыз. Элдин ырыскысын уурдагандар ушулар чапкан арыктан суусун канганча ичишип, элди көзгө илбей, зөөкүрлүк жагынан устаттарынан өтүп кеткенин ачык эле айтсак болот. Бири кем дүйнө...демекчи мындай болорун  кайдан билиптир. Кыңыр иш, кырк жылда билинет деген сөздүн чындыгы чыгып жатат.

--Баса, иш учурунда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине башында  200 миң  сом компенсация берилээри айтылган. Эне үчүн 100 сомдон эле берилип калды? 

--Жер шарында эмне болуп жатканын терең акыл калчап түшүнүш керек. 4 миллиондон ашык адам коронавирус илдетинен жабыркап, 189 өлкө аты жаман оору менен алп урушуп жатат. 258 миң 304 адам вирустан каза болду. Ковид-19 вирусу бул тымызын адамзатын жок кылчу согуш. Өтө коркунучтуу чоң эбегейсиз жасалма ээн баш согуш. Зыяны, кыянаттыгы, азабы абдан көп. Вирусту дүйнөлүк заманбап лабораториялар тест менен аныктай албай баш катырышууда. Кыргызстанда симтому жок вирус күч алгандан, күч алып, күнүгө ырбап бара жатат. 221 медицина кызматкерине илдеттин жугушу жакшы көрүнүш эмес, мындайча айтканда Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо тармагына жана мамлекетке олуттуу сокку түшүнгөн адамга. Эми илдеттин очогу дарыгерлер менен коомдук тартипти сактаган милиция кызматкерлери болуп жатса, ушул ишке ким жооп берет, деги жоопкерчилик барбы? Медицина кызматкерлерине эң алгач 200 миң сом компенсация төлөнөт деп оозу мурду кыйшайбай айтып алышып, эми минтип 100 миң сом гана төлөнөт деп билдирүү жасап жатышы шермендечилик, алдамчылык... 

--Милициялар кошумча каражаттан  баш тартты дегени алардын эмгегин баалабоо болуп калган жокпу?

--Арзыбаган айлык алган милиция кызматкерлери кошумча акча алуудан баш тартты деген билдирүү бул күнү - түнкү уйкудан калып, эл үчүн кыйналып иштеп жүргөн милицияларды шылдыңдоо. Башкача элди кемсинтүү. 

--2000 сомдон тест тапшырып, анан блок посттон өтөсүң деген маселе туурабы же элдин абалын эске албагандыкпы?

--Кыргызстанда 871 адам Ковид-19 илдети менен жабыркап турат. 615 ашуун киши айыгып чыгыптыр. 250 ашык бейтап дарыланып, запкынын азабын, убайын тартышууда. Бул цифралардын арты да эмнегедир бүдөмүк бир сөз менен айтканда чоң суроо жаратып турат?... Эки балдак менен араң турган абалыбызда коронавирустун 2-толкуну 14 күндөн кийин башталат имиш, эгер башталып кетсе эмне кылабыз? Кимге ишенебиз? Ушул учурда 10 миңден ашык адамды тестен өткөрүштү, мындай жылыш (темп) менен алыска бара албызбы? Төрт миңге жакын контакт болгон деген адамдардын тагдыры эмне болду? Алар боюнча бир ооз сөз чыга элек? Бардык көйгөй бүтүп калгансып, эми бийлик ар бир шаарга кирип жаткан жарандардан бонецикий лабораториясына 2400 сом төлөп тестен өткөрүүгө мажбурлап жатышы азыркы бийликтин мамлекетти башкарууга жөндөмсүз экенин далилдеп салды. Башкача айтканда, алардын ойлору бизнес жыттанып турганы да көрүнүп калды десек болот. Эмне үчүн мамлекеттик лабораториялардан өткөрүшпөй "бонецкий" жеке лабораторияга көз каранды болуп калдык? Кыргызстандын кейпи деңиздеги сынык кайыктай эле абалда араң эле турабыз, жаратканым жалгай көр Кыргыз элин!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости