www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги кытайларга каршы митингди Ирина Карамушкина менен Мээрбек Мискенбаев уюштурду деген маалыматтын аныгын билүү үчүн коомдук ишмер Жолдош Орозовго байланыштык.

-Жолдош мырза, кытайларга байланыштуу митингди айрымдар Кытай менен Кыргызстандын маилесин курчутууну каалагандар уюштуруп жатат деген пикирлер айтыла баштады. Ынансак болобу?

 -Бул митингди атайын уюштурган эч ким деле болгон жок. Себеби Кара-Балтада кытайлар сабаган баланын соц сеттерге чыгып кеткени элди дүрбөтүп, митингдин уюшулушуна шарт түздү. Чындыгында бийлик акча үчүн   сатылып, мамлекеттин аброюн түшүргөндүгүнө  митингге  чыккандардын кыжыры келди. Эң негизгиси Кытайлардын кыргыз кыздарына үйлөнүп бул жерде көбөйүп жатышканына каршы болушту.

-Аталган митингди Ирина Карамушкина менен Мээрбек Мискенбаев уюштурду  деген кептин чындыгы барбы?

-Ирина Карамушкина менен Мээрбек Мискенбаев уюштурду деген сөз чындыкка саал коошпой турат. Себеби, ал митингге катышкандар менен сүйлөшкөндө соц сеттерден угуп, чыныгы көйгөй кытай маселеси боюнча келгендерин айтышты. Эми, албетте эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык алакага жик кетип калат деген коопсуздануу болбой койбойт. Бирок, бул митингде өзүбүздүн мамлекеттин ички маселеси боюнча башкача айтканда, мыйзамсыз кытай миграциясын токтотуу жана көптөгөн кытай жарандарынын кыргыз кыздарына үйлөнүп, Кыргызстанда көбөйүп жатышы жана эл менен эсептешпей кредиттерди миллиардап алып, ал акчалар максаттуу колдонулбай бир ууч бийлик башындагы шылуундардын чөнтөгүнө кетип жатканы жөнүндө сөз болду. Митингге катышып сүйлөгөн адамдардын оозунан азыркы бийликке каршы бир ооз сөз чыккан жок. Бир улгайган аял киши каршы сүйлөдү эле аны провокатор катары сүйрөп чыгарып коюшту. Мына ушунун өзү Карамушкина жана Мискенбаевдин  тиешеси жок экенин билдирет.

Бул жерде менимче бийликке “Медвежий услуга” кылам дегендер элди бийликке каршы коюп, Президентке элдин айткан чындыгын жеткиришпей жатышат. Так акыйкат айтылган маалымат президентке жетпегени үчүн Сокулукта сүйлөгөн сөзүндө 7-январдагы митингдер болсо, катуу чара көрүлөт дебейт эле. Демек, Президентке бурмаланган маалымат жеткен. Эгер ар бир уюшулган пикет, митингдерде элди укпай Бакиевдин стилине түшсө өчөштүк жаралып аягы жакшылык менен бүтпөй калышы мүмкүн. Сөздүн ачыгын айтсак азыркы бийлик Атамбаевден бөлөк өзүлөрүнө каршы оппозиция жок экенин жакшы билишет.

Ошондуктан жаман атты кылыш үчүн аларды уюштуруп жатышат деген маалыматтарды таратышууда. Чындыгын айтканда азыр бийликке каршы турган реалдуу оппозициялык күчтөр барбы? Арийне, жок. Мурунку эски бийликтин кумарына батып Атамбаев, Жээнбеков менен үзөңгүлөш жүргөн тыңчыкмалардын эл алдында кадыр баркы кетип, элдин наазары аларга түшпөй калды бир сөз менен айтканда. Мурункуларга эл ишенбейт. Жаңы баш көтөргөн реалдуу оппозиция Кыргызстанда жарала элек. Ал эми парламенттеги оппозиция сөз гана түрүндө жашарын билебиз, алар бийликтин тилинен чыкпаган ыңгайлуу хоп лаппай адамдар экени жалпы элге маалым.

Азыркы шартта эл ички көйгөйүн кимге айтарын билбей  турат. Эгер абал ушул өңүттө кете берсе, элди уккан бийлик болбосо кырдаал такыр бөлөк жакка бурулуп кетиши мүмкүн. Уюштуруучулук менен бийликтин адамдарын чакырып, коомдук уюмдарды, элдин ичинен чыккан өкүлдөрдү чакырып , ийри отуруп түз кеңеше турган аянча түзүлбөсө карама-каршылык күчөй берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости