www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайырбекти ким көрдү?

Учурунда таскагы катуу чыккан Тайырбек Сарпашевдин дайын оту билинбей калды – деп, сурамжылагандардын саны арбын.

Бир кезде жылдызы катуу жанып, саясаттагы  алдыңкы саптардын катарын толуктап, үнү өктөм чыгып, бир топ чоң кызматтарды аркалап, ичип-жегендерге да кошула калып жүргөнүн жаамы журт жакшы билет. Балким көк акчаны чогултуп, бир чоң кызматты сатып алуунун жолунда жүрөбү, аны ачык айтып болбойт.  

Ооба, жаш кезинен депутат болуп, чоңдор менен аралашып, чоң ичип, чоң жегенге көнгөн Тайырбек мырза бирде болбосо бирде жарк этип саясат айдыңынан көрүнөөрү туруулу иш.

Анткени, көнгөн иш, чоң акчанын азгырыгы кайра эле саясатка алып келет деп ишенимдүү айтсак болот. Эмне болгон күндө дагы эски көздөрдүн катарын толуктап, качып кеткен ажолор менен бирге иштешип калбадыбы.

Күтө туралы, аз күндө кайра жылдызы жанып, ишке келип калат чыгар.

Бердикожо мырза

Булак: NazarNews.kg

Последние новости