www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облустук балдар ооруканасына 2019-жылдын 10-январь күнү, болжол менен саат 15.00 чамасында Ош шаарынын тургуну 2016-жылдын 2-сентябрында туулган жаш наристе келип түшкөн, ал абасы (баланын атасынын агасы) тарабынан жеткирилген.

Врачтар баланы кароо учурунда бала ооруканага чейин эле каза болуп калгандыгын кабар беришкен. Баланын ѳлүмү тууралуу ак халатчандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына да маалымдашкан.

Ош ШИИБнын атайын ыкчам- иликтѳѳ тобу тарабынан бул ѳлүмгѳ сырттан таасир эткен болушу мүмкүндүгүн байкашкан милиция кызматкерлери окуя болгон жерде кароо жүргүзүлүп, жабырлануучунун ѳлүмүнүн жана жаратынын оордугун аныктоо максатында соттук медициналык экспертиза дайындалган. Жыйналган иш кагаздары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Соттук медициналык эксперттин катышуусунда наристенин жансыз денесин сырттан кароо учурунда анын бети-башында, колдорунда жана сандарында кѳгѳргѳн жарааттары, сол колунун билегинде ачык жараты бар экендиги аныкталган.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кечээ күнү бул кылмышка шектүү катары маркум наристенин атасынын бир тууган агасынын аялы, 1988-жылы туулган К.Б. кармалып, КР ЖПКсынын 98-беренесинин негизинде Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал ѳз кѳрсѳтмѳсүндѳ наристенин шымына сийип алгандыгы үчүн анча-мынча чымчып, анча-мынча буттарына уруп жүргѳндүгүн билдирди. Анын айткандарын күйѳѳсү дагы тастыктап, аялы тарбялоо үчүн кээде кол кѳтѳрүп коюп жаткандыгын айткан.

Аталган окуя боюнча Кылмыш кодексинин 138-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пункту(Этиятсыздыктан киши ѳлтүрүүгѳ алып келген ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

 Учурда, бул факты боюнча окуяны толук жана объективдүү текшерүү, иликтѳѳ-изилдөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости