www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Кыргыз Республикасынын сот-укуктук реформасынын алкагында күчүнө кирген укуктук-ченемдик актылар жана укуктук өзгөрүүлөр боюнча жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүл К. Сатыбалдиев, облус прокурору А. Турганбаев, район-шаар, айыл аймактардын башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын "Жазык-процессуалдык", "Кылмыш-Жаза", "Бузуулар", Жоруктар", "Жазык –аткаруу жөнүндөгү Кодекстер боюнча түшүндүрмөлөр берилип, суроо-жооптор менен уланды.
Өкүл К.Сатыбалдиев мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө өзгөчө маани берип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү зарылдыгын белгиледи.
Булак: NazarNews.kg