www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Жолдошбек Орозов менен Садыр Жапаров менен президенттин ымалага келиши тууралуу баарлаштык.

-Президент менен Садыр Жапаровдун бир столго отуруп кеңешкени абал жөнгө салына баштаганынан кабар береби?

-Садыр Жапаров менен Президенттин ийри отуруп түз кеңешүүсү эч нерсеге татыбайт. Анткени эл жаман көргөн адамдар өздөрүнүн ким экендиктерин көрсөтүштү. Менимче Садыр Жапаров кыска убакыттын ичинде укуктук талаага түшүп, мамлекеттик тутумду колго алып иштетүүсү бүгүнкү күндүн талабы. Албетте, шайлоого болушунча тезирээк баруу керек. Азыр ар кандай куйту арам оюндардан баш тартып, багыттуу эл ынана турган жолго түшүү бүгүнкү күндүн талабы. Ал эми легитимдүү жана лигитимсиз деп ажылдашып тирешүү жакшылыкка алып келбейт. Эгер парламент кетенчиктей бере турган болсо, тараптар консолидацияга келе алышпаса, улуттук улуу жыйын куруп, чыныгы элдик Өкмөттү иштетип турсак болмок.  Бирок, кудай жалгап депутаттар Садыр Жапаравду премьерлик кызматка бекитип, ал сунуштаган өкмөттү колдоп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости