www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын шалаакылыгынан улам кетирилген кемчилик жалпы шайлоо процессине көө жаап, элдин ишенимин кетирип, коом ичине бүлүк салууда. Сервер өчүп-күйгөндөн кийинки күмөн саноолорго БШК канчалык деңгээлде актанса дагы жуулбай, нааразылык күн санап көбөйүүдө. Мунун арты жакшы бүтпөй калышы ыктымал экенин баарын жон териси менен сезип жатат. Мындан улам учурда кайра шайлоо өткөрүү ылайыктуу деген пикирлер арбыды.

--Сервердин өчүшү боюнча БШКнын жообуна канааттандыңызбы? Же кайра шайлоо өтүшү керекпи?

--Шайлоолор ар дайым талаш жаратат. Илгери бий, же болуш шайлаганда да эки эл чабышып, "баш айрылып, көз чыккан" окуялар болгон. Эми быйылкы 28-ноябрдагы шайлоо чатагы өткөн жылдага октябрь айындагы чатактардын уландысы. Сервер тууралуу бийликтин адамдарды ар түрлүү пикирлерди айтып чыгышты.

Ушунун өзү элде, саясий партияларда көп күмөн жараты. Президент С.Жапров "кол менен санагыла" десе эле БШК баардык шайлоо участокторунда кол менен санап кириши жана ал 8 күнгө созулганы, КРнын шайлоо кодестинин 36-беренесинин 7-пункутун бузду. Анда: "баардык шайлоо участокторунда бюллитенди кайра саноо" деген норма көрсөтүлгөн эмес.

Аталган мыйзам боюнча кол менен саноо бир эле шайлоо округу тууралуу айтылып жатат. Мыйзамда "баардык шайлоо участокторунда кол менен кайра саналат" деген норма жок. Эгер бир округда кайра саноо болсо, анда Шайлоо кодекси боюнча сөзсүз БШКнын бир мүчөсү катышыш керек эле, бирок андай болгон жок! АСУ сервери бул жаңы технология, бирок ал иштебей калса шайлоочулар же партиялар күнөөлү эмес.

Демек кайра шайлоо болушу керек. Дүйнөлүк банктын офисинде кадимки жыгачтан жасалган топчулары бар эсептегич (счет) сакталып турат экен. Эгер компьютердик система иштебей калса ошол топчусу бар жыгач эсептегич менен акча эсептейт.

Булак: Жаңы Ордо гезити

Последние новости