www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн энергетика министрлиги билдиргендей, быйыл кургакчылыктын кесепетинен электр энергиясын өндүрүү 23 пайызга төмөндөп кеткен. Мындан улам Өзбекстан кышкысын Борбор Азия өлкөлөрүнөн кошумча энергия импорттоого аргасыз.

Өзбекстан жаңы ГЭСтерди куруу жана азыр иштеп жаткандарын реконструкциялоо жолу менен 2030-жылга чейин гидроэнергетика кубаттуулугун 1,7 эсеге (3 416 МВт) көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өлкө президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон токтомго шилтеме берип Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, учурда коңшу өлкөдө ГЭСтерди куруу, оңдоо боюнча иштеп жана пландалып жаткан 75 инвестициялык долбоор бар. Алардын жалпы баасы 2,83 миллиард доллар. Мындан тышкары, өзбек бийлиги өзү дагы каражат кошууну көздөп жатат. Ал үчүн эл аралык финансылык институттардан насыя алынып, "Узбекгидроэнерго" ишканасынын акчасы пайдаланылат", — деп айтылат кабарда.

Өлкөнүн Энергетика министрлиги билдиргендей, быйыл кургакчылыктын кесепетинен электр энергиясын өндүрүү 23 пайызга төмөндөп кеткен. Мындан улам Өзбекстан кышкысын Борбор Азия өлкөлөрүнөн кошумча энергия импорттоого аргасыз болууда.

Өзбекстанда ушул тапта 50дөн ашык электр станциялары иштеп, 15 гигаватт электр энергия бөлүп чыгарат.

Эске салсак, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 2021-жылдын март айынан 2022-жылдын апрель айына чейин 750 миллион киловатт-саат алуу тууралуу сүйлөшүү бар. Мында Кыргызстан импорттоочу өлкө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости