www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Август айында Кыргызстанга келүүгө «добро» алган биринчи президент Аскар Акаев эки-үч күнгө Кыргызстанга келди. Аны улуу урматтуу вице-премьери Бекболот Талгарбеков тосуп алды. Бул жолу келишинин башкы себеби «Кумтөр» боюнча баштаган иштеринин аягына чыгуу, ошондуктан, бүгүн УКМКда кайрадан аны тергөө башталат.

Айтбаев батир алып берген «жакыр» Акаев миллиард рублдик хансарайын Филипп Киркоровго саткан. Акаев президент кезинде эл үчүн Кыргызстанды өнүктүргөм, ПЕСАК программасынын негизинде менчиктештирүү жүргүзгөм, айыл чарбасын реформалоодо элдин тилеги кабыл болду, Бирнштейндин көмөгү менен канадалыктар «Кумтөр» кенин иштетти деп өзүнө чаң жугузпайт. Аскар Акаевичтин эскерүүлөрүнө үңүлсөк: Ленинградда аспирант болуп жүргөндө батирге жетпей, ар кимдикинде жүргөн. Элдин айтымында союз убагында Акаев Фрунзеге келгенде жашаганга үйү жок. Ортого Таштемир Айтбаев түшүп ал кездеги республиканын жетекчиси Усубалиевге кирип батир алып берген дешет. Он төрт жыл президент болгон Акаев Кыргызстанды самандай сапырып ар кайсы жерден хансарайларды сатып ала берген окшойт. Ошолордун бирин орус эстрада ырчысы Филипп Киркоров мурда Кыргызстандын президенти Аскар Акаевден сатып алган. Бул тууралуу «Новый век» Telegram каналы жазып чыккан.

Элиталык хансарайды сатып алган Киркоров болгар болгону менен орустардын жылдызы. Telegram каналы Росреестрдан алынган маалыматты жайгаштырган. Документке ылайык, Киркоров Акаевден “Филипповский” турак жай комплексиндеги эки кабаттуу пентхаусту сатып алган. Объектинин базар баасы дээрлик 1 миллиард рублга бааланат. Бирок Филипп Киркоров бул мүлк үчүн канча төлөгөнү белгисиз. Пентхаустун аянты 537 чарчы метрди түзөт. Турак жай комплекси Москванын борборунда Гоголевский бульварынын жанында жайгашкан.

Жашарга үйү жок Акаевге биринчи катчы Усубалиевге кирип үй алып берген Таштемир Айтбаев ким? Бул жакшыгы үчүн Акаев президент кезинде кандай мансаптарды алган? Аскар Акаев жашаганга үйү жок кезде батир алып берген Таштемир Айтбаевдин жакшылыгын унуткан жок. Ал президент кезинде аны Ички иштер министри, КГБнын жетекчиси кылды, инилерин бүт мурдунан жетелеп райондорго аким кылган. Президенттер Жапаров, Жээнбеков, Атамбаев, Бакиев, Акаев, биринчи секретарлар Масалиев, Усубалиев, Раззаковдор калың элдин катмарынан чыгышкан. Ал эми Айтбаевдер өздөрүн ак сөөк сезишип, балдарын эл менен ойноттурган эмес? Алардын тарбиясында эшке чыгып булганыч, сасыган көчөдөгү балдар менен ойноо уят болгон. Айтбаевдерге ак сөөк атка минерлердин балдары менен гана “интеллигенттүү” ойношуп, “ таптаза” жүрүш керек болгон. Деги Айтбаевдер деген ким? Совет учурунда Сыдыгалы Айтбаев Нарын облисполкомун жетектеп Турдакун Усубалиевдин Москвада окушуна жана бийликтен тез көтөрүлүшүнө жардам берген. Усубалиев ЦКга биринчи болуп келген соң Айтбаевдин балдары май-талкандуу кызматтарды ээлеп, Таштемир Айтбаев Кыргыз комсомолунда биринчи, кийин компартиясынын секретары, ИИМ министри, УКМК жетекчиси болгон, калган инилери аким жана башка чоң кызматтарды иштешкен.

Бала деген бала ким менен болсо да ойноп, өсө бериш керек. Бүгүнкү күнү Айтбаев сыяктуу көчөдөгү балдар менен баласын ойнотпогон трайбалисттер көбөйдү. Азыр мындай “айтбаевчилер” балдарын карапайым элдин балдары менен ойноткусу келбейт. Биздин кошунабыз күйөөсү жок чүйлүк, кызы менен жашайт, мектепт ен келген соң небересин дарбазадан сыртка чыгарбайт. Небереси таенеси жокто балдарга жалдырап, балдар менен тордон чыкпай ойнойт, таенеси келатканда канчалык ойногусу келип турса да балдар менен ойнобой кетет. Аттиң деп Айтбаевдер эске түшөт алар го атка минерлердин балдары эл катары иштеп жүргөн буларга эмне жок?

16 жылдан ашык чет жакта жашап жүргөндөн кийин, Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев мекенине биринчи жолу үстүбүздөгү жылдын 2-августунда келген. Ал алты күнгө гана келип, андан кийин кайра Москвага учуп кеткен болчу. Ал “Кумтөр” иши боюнча бир нече жолу УКМКда сурак берип, тергөө менен кызматташып жатканын билдирген. «Уу коргошун министр» Алымкадыр Бейшеналиев аны Мамакеевдин хансарайында конокко алып, андан соң ал кайра Орусияга учуп кеткен.

«Кумтөр» үчүн жооп бере тургандардын саны көп: Акаев, Чыңгышов, Жумагулов, Атамбаев, Бабанов, Пирматов жана башка атка минерлер. «Кумтөрдү» жетектеп жаткан Теңиз Бөлтүрү.ктүн айтуусунда бул кен эми гана кыргызга иштей баштады. Он алты жылдан бери Москвада баш калкалап жүрүп, көп жакныдарына топурак салбаган, кыргыздын 76 жаштагы биринчи президенти Аскар Акаев Бишкекке алып келинип, ведомстволор аралык тергөө тобуна өткөрүлдү. Тарыхый адилеттүүлүктү орнотуу үчүн Акаевди Кыргызстанга алып келинип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу иштери жүргүзүлө баштады. Акаев УКМКда эмне суракң берпгенин ким билет, Акылбек Жапаров Кумтөр алтын кени боюнча эл аралык соттук териштирүүдө мурдагы президенттерге карата кылмыш иши козголгонун каңкуулаган. Акаев 1992-жылы “Кумтөр” долбоору боюнча башкы макулдашууну түзүүдөгү, ага 1994-жылы өзгөртүү киргизүүдөгү жана 2003-жылы “Камеко” компаниясы менен башкы макулдашууну реструктуризациялоодогу коррупция фактысы боюнча кылмыш жообуна тартылган. Ушул жылдын 8-июлунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча изделип жаткандардын арасында Акаев дагы бар экенин айткан. Акаев “Кумтөр” келишиминдеги коррупциялык иштер боюнча ошол кездеги башка кызмат адамдары сыяктуу эле кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Тагыраагы, ал президент кездеги бул коррупцияга катыштыгы бар адамдардын аракеттерин колдогон.

Акаевди Кумтөр коррупциясы боюнча кылмыш жообуна тартуу, ага издөө жарыяланганы боюнча эң жогорку деңгээлде расмий Кыргыз бийлиги тарабынан расмий айтылган. Акаевдин кол тийбестиги Убактылуу Өкмөт тарабынан 2010- жылы эле алынган. Мен ойлойм, Акаев Москвадан кармалып, Кыргызстанга келип эстүүлүк кылды. Эртеби, кечпи президент кезинде кыргыз элине карата жасаган кыянаттыгы боюнча жооп берүүгө милдеттүү болчу. Сурак элди алаксытуу үчүн уюшулган пиар болушу да ыктымал. Мындай болсо азыркы бийликтин коррупция, “Кумтөр” аферасы боюнча ушуга чейин жүргүзүп келген иштери, айткандары баары жок болот. Өздөрү дүйнөлүк деңгээлде уят болот, себеби “Кумтөр” маселеси азыр эл аралык соттордо каралганы турат. Азыркы кыргыз бийлигинин сурагы оюн болбойт го деп туралы. Акаевди жоопко тарта албаса, анда “Кумтөр” боюнча жоопко тартылат делинген берки калган президенттердин, өкмөт башчылардын, азыр түрмөдө жаткан депутаттардын баарынын үстүнөн кылмыш иштерди кыскартып, тезинен кое берүү талап кылынат. Анткени, “Кумтөр” боюнча кылмышты Акаев менен Бирнштейн баштап, калгандары аны ар кандай деңгээлдерде улантып келишти да. Бирок эски акаевчилер убагында, кийин да “Кумтөрдүн” Бирнштейн тарабынан чечилишин жакташкан айрымдар муну саясатка айландыргысы келишет. Аларды азыркы бийликтен эптеп эле «кыйкым» издеп жүрүшкөн азыркы айрым саясатчылар да колдоп чыгышы мүмкүн. Бирок чоң колдоо табышы кыйын, себеби Кыргызстандын азыркыдай абалда калышына эң башкы кунөөлүү адам, бул – Акаев. Ошентсе да азыркы бийликтен Акаевди жана башка бардык президенттерди сот өкүм чыгарганга чейинки тергөө мезгилинде камакка албай үй камагында же кепилдикке берип тергөө иштерин жүргүзүшү туура.

Акаев Аскар УКМК аркылуу издөө жарыяланып, алынып келиниши мыйзам ченемдүү көрүнүш. 16 жылдан кийин учурунда 15 жыл мамлекетти башкарган Аскар Акаевдин келиши 16 жылдан бери өлкө ичинде болуп келе жаткан түрдүү жоопсуз келе жаткан пикирлердин кагылышуусуна чекит койгонго мүмкүнчүлүк түзөрү бышык. Анткени, “Кумтөр” боюнча “Камеко”, “Центерра Голд” сыяктуу афералык компаниялар менен түзүлгөн келишимдер Акаевдин бийлик башында турган мезгилден башталган. “Кумтөр” боюнча ачыктык, тактык, айкындуулук киргизгенге, “Кумтөрдө” 30 жылга жакын убакта түзүлгөн Кумтөр аферасына тиешеси бар адамдар, шектүүлөр менен беттештирип, тактаганга, тергөөнүн адилеттүү жүрүшүнө, кимдин канчалык деңгээлде күнөөсү бар экендигин далилдөөгө шарт түзүлөт.

Аскар Акаевдин Кыргыз мамлекетинин башчысы катары 15 жылдык мөөнөттө жасаган иш аракеттерин тактап, өз элинин алдында канчалык күнөөсү бар, жок экендигин далилдеп, жүзүн ачып алганга шарт түзүлдү. Акаев УКМКнын сунушуна макул болуп, коюлган суроолоруна жооп берет. Мурдагы бийликтердин тушунда эки агасы өтүп кеткен, аларга топурак салып, куран окута алган эмес, ошолорго куран окутат. Ушундан улам Аскар Акаев УКМКнын кийлигишүүсү менен Кыргызстанга келүүгө мажбур болду. Он алты жылдан бери Кыргызстанга келбеген Аскар Акаев үчүн жакшы окуя болду. Качанга чейин өз туулган жерине суктанып жүрмөк эле. Бул жолу тобокелге салды. Тобокелчилик кээде адам баласына ийгилик алып келиши мүмкүн. Күнөөлүү болсо, мыйзам алдында жооп берсин. Күнөөсү жок болсо, кыргыз элинин алдында өзүнүн ким экендигин далилдеп, жүзүн ачып, эл арасында жашай берсин. Аскар Акаев эл башчы, журт башчы болгон. Жөнөкөй катардагы жаран эмес. Балким сыртка кубалап чыккан Президенттерди алып келип, баарын бир бири менен беттештирип, айкындуулук, адилеттүүлүк менен мыйзам чегинде териштирүү жүргүзүп чыгуу, Кыргыз мамлекетинин келечегине пайдасы тийиши мүмкүн.

Аскар Акаевди УКМКга алып келинишин, тергөө амалдары, тергөөнүн жүрүшү менен убакыт көрсөтөт. “Кумтөр” боюнча тарыхый материалдар жетиштүү. Тешеси бар укук коргоо органдары иш алып барар. УКМК “Кумтөр” аферасы боюнча түзүлүп келген 30 жылдык афералык схеманын бетин ачат деп үмүттөнөлү. Бир эле “Кумтөр” аферасы эмес, Аксы окуясы, 2005-жылкы Жоогазын революциясы, 2010-жылкы апрель кандуу төңкөрүшү, Ош, Жалал-Абад, май, июнь окуясы, мародерство, АУБ, ячейка сыяктууларды тарых алдында такташ керек. Доонун эскирүү мөөнөтү өтүп кетти, аны соттоого болбойт. Ошого карабастан, ал өз ыктыяры менен келип, тергөөгө жардам берүүгө макул болду. Бул анын жашыра турган эч нерсеси жок экенин, өзүнө ишенет жана корккон нерсеси жок экенин билдирет. Эмнеге ал бийлик менен соодалашышы керек? Анын жашы өтүп калды. Өзүнүн атын коргогусу келет. Бийлик менен соодалашуунун кереги жок. Доонун мөөнөтү бүткөн жана камоого мүмкүн эмес. Ал тергөөгө жардам берип, болгонун айтууга макул болгон окшойт дешет кимдир бирөөлөр.

Эми буга кайчы пикирлер бар. Акаев 2005-жылдан бери качып жүрүп анан өзү келип сурак берип жатканы кызыкдай көрүнөт экен. Кантип эле уяты чыдатпай өзү суракка келип калды экен деп таң калуулар көп. УКМК камабайбыз деген кепилдик берген сыяктуу. Эгер камалса жолоп да коймок эмес. Кыргызстанга баласын койгонго келбеген, бир тууганы өткөндө келбеген Акаевдин азыр келгени чыны менен кызык болуп жатат. Иши кылып тергөөнүн жүрүшүн, сурак бүткөндөн кийин эмне кылышат экенин күтө туралы.

Мурдагы президент Аскар Акаев августта расмий маек берип:. «Мен, бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. 16 жылдан бери Кыргызстанга келе элек болчумун. Мен бир жумага келдим. Чын дилимден “Кумтөрдү” эмне себептен курганыбызды, кандай каталачылыктарды кетиргенибизди, бир сөз менен айтканда баарын айтып бердим. Бирок териштирүү иштери улантылат. Бүгүн жаңы эле учуп келдим. Дагы иштер менен таанышуум керек. Өлкө жетекчилигине ыраазымын. Дээрлик 16 жылдан кийин өлкөмө келдим. Абдан сүйүнүп турам. Садыр Жапаровго жолугуп, ага ыраазычылык билдирдим», – деген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости