www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Гуджарат штатында жүк ташуучу унаанын айдоочусу кырсыкка кабылып, жолдун четинде уктап жаткан 15 мигрант каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай трактор менен сүзүшүп кетип, анын натыйжасында уктап жаткан мигранттарды тебелеп кеткен.

Ошондой эле дагы 6 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон жарандар Раджастан штатынан келген мигранттар болгон. Өлкөнүн өкмөт башчысы каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, ооруканада жаткандардын тез сакайып кетүүсүн билдирген.

Индияда көбүнчө жумушчу мигранттар жол четине жатып уктаганы адатка айланган. Өткөн жылы дагы 16 адамды жүк ташыган айдоочу көрбөй калып тебелеп кеткени жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости