www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париж шаарында өткөн Олимпиада оюндарында коло медаль уткан балбан Жоламан Шаршенбеков 5-сентябрда Манас районундагы балдарга мастер-класс өтүп, ушул айда үйлөнөөрүн ачыктаган. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Семетей айыл өкмөтү тарабынан балбанга аргымак тартууланды. Иш-чаранын соңунда жаңыдан өсүп келе жаткан балдарга өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Ага катар эле чемпион 23-сентябрь күнү өзү туулган айылы Бала- Саруудан болочок жубайын алып кетери белгилүү болду. Ал күнү кыз узатуу аземи өтөт. Келечектеги келинчеги айылда өзү бирге окуган классташы. Жоламан 1-классты Бала-Сарууда окуп, 2-класстан тарта Бишкекте билим алган. 

Эскерте кетсек, 13-августта Бишкек шаарында Париж Олимпиадасына катышып келген спортчулардын катышуусунда маалымат жыйын өтүп, анда Жоламан Шаршенбеков ушул жылы үйлөнүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

«Кудай буюрса быйыл үйлөнөм», - деген ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Последние новости