www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Владимир Зеленский менен сүйлөшүп, анысы менен шайлоочуларды өлкөнүн ичиндеги көйгөйлөрдөн алаксытууга аракет кылып жатат. Бул тууралуу The Guardian басылмасынын колумнисти Саймон Женкинстин жазганын РИА Новости билдирди.
"Премьердин абдан уят болгонунан кийин Жонсондун Зеленский менен капыстан эле сүйлөшүп калышы... Зеленский менен сүйлөшүү Украинаны колдоо үчүн британиялык салык төлөөчүлөрдүн ар дайым ири суммадагы акча траншы менен аяктайт. Бул, кыязы, тарыхтагы психотерапиянын эң кымбат сеансы болсо керек", — деп айтылган макалада.
Журналисттер Жонсон менен Зеленскийдин сүйлөшүүсү Даунинг-стриттеги кечеге салынган жаңы айыптар, Раундага качкындарды жөнөтүү чыры, саясий үзөңгүлөштөрүнүн отставкасы жана жергиликтүү кеңештердин шайлоосундагы ийгиликсиз жыйынтыктар боюнча жаңылыктар менен дал келип калгандыгын айтышты. Ал эми өткөн аптада кезектеги ийгиликсиз кадамдарынын фонунда британ премьери Киевге барган.
"Бардык башчылар кеңешке жана аларды сооротууга муктаж жана андай жерлерди өзгөчө, башкача жерден табышат . Бүгүн Жонсон украиналык куудулдун колдоосуна ыктады окшойт", — деп жазган Женкинс.
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Киевге жасаган сапары учурунда Россияга каршы санкцияларды күчөтүүгө көмөктөшөрүн, андан сырткары Украинага жардам кылуу жаатында коалицияны бекемдей турганын айткан. Муну менен катар эле финансылык жана курал жагынан көмөктөшүүнү улантаарын айткан.
Евробиримдик Украинага 500 миллион доллардан төрт жолу аскердик жардам кылган. Курал-жаракты алууга жалпысынан 2 миллиард евро суммасындагы акча кеткен.
Булак: NazarNews.kg