www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Шайлообек Атазов кыздардын укугун чектейли деп жаткан жок, жаман жолго аргасыздан түшүп калышынан сактайлы деп жатат», - деди бүгүн, 22-июнда NazarNews маалымат агенттигине Турсунбай Бакир уулу.
- Саламатсызбы, Турсунбай мырза! Шайлообек Атазовдун айтканын сындагандар Ак үйдүн алдына митингге чыкканга да үлгүрдү. Ал чындап эле аялзатынын укугун чектеген иштер менен алек боло баштадыбы? Же көтөргөн маселеси башкаларга жакпай калдыбы?
- Шайлообек Атазов айрымдардын сынына кабылганы менен туура маселени көтөрүп, 20 жаштагы кыздар сыртка чыкпасын деп туура айтты. Анткени, биз жашырганыбыз менен башка мамлекеттин журналисттери ажатканада төрөп таштап кеткен кыздарыбызды жана жаман жоруктарды адат кылып алгандар боюнча жазып эле жатышат.
Жокчулуктун айынан алыс жакка барып иштөөгө аргасыз болуп, туура эмес жолго түшүп калган кыздарыбыздын жоруктарына арданып, намыстанбай кайра кыздарыбызды сактап калышыбыз керек. Жалгыз четке чыгарбайлы деген депутатАтазовду жемелегендер көбөйдү.
Ал кыздардын укугун чектейли деп жаткан жок, тескерисинче, жаман жолго аргасыздан түшүп калышынан сактайлы деп жатат. Эми Шайлообек Атазов көтөргөн маселесин мыйзам менен бекемдеп салса жакшы болот.
Анткени, бул маселени 9 жыл мурун Ыргал Кадыралиева экөөбүз токтом кылып жазып, Жогорку Кеңешке сунуштаганбыз. Өкмөт да, парламент да ошол кезде колдобой койгон. Биз 18 жаштан 23 жашка чейинки кыздар чет мамлекетке жалгыз чыкпасын деп жазганбыз.
Шариятта дагы жаш кыздардын чет мамлекетке жалгыз чыгышына жол жок. Махрам эркектер болушу керек. Кыздын жанында күйөөсү же агасы, иниси же атасы болушу абзел. Жаш кызды жалгыз жөнөткөндөр акыретте жооп берип калат.
- Бирок, окуйбуз деген жаштарга бул нерсе пайда эмес, зыян алып келет деп айтышууда...
- Ыргал Кадыралиева экөөбүз жазган токтомдо жаш кыздарга чет мамлекетке окууга чакыруу келсе же жумушка чакыруу келсе, виза алып чыкса болот деп жазганбыз. Шайлообек иним муну мыйзамга түшүрө турган болсо, колдоо көрсөтөм. Жардам берем.
Эске салсак, депутат Атазов Жогорку Кеңештин 9-июндагы отурумунда 18-20 жаштагы кыздарды миграцияга ата-энеcинин коштоосу менен же күйөөгө чыккандан кийин гана жиберүүнү сунуш кылган.
Социалдык тармакта эл өкүлүнүн бул демилгесин «аялдардын укугун чектөө» деп сындашты.
Ал эми расмий маалыматка таянсак, учурда Орусияда эле бир миллиондон ашык кыргызстандык эмгек миграциясында жүрөт.
Булак: NazarNews.kg