www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда жөө жүрүшкө чыккан хорезмдик блогер Махмуд Ражаб менен Нафосат Оллашукуров райондук соттун чечими менен 10 суткага камалды. Акцияга катышкан дагы үч кишиге 70 доллар, жети аялга 23 доллар айып пул салынды. Бул тууралуу маалыматты Борборду Азия жаңылыктары билдирди. 

"Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, сот жараяны 23-сентябрда кечки саат 10:00дө башталып, 24-сентябрда таңкы саат 4:00дө аяктаган.

22-сентябрда хорезмдик журналист Махмуд Ражаб жана анын жыйрмадай тууганы Өзбекстан ИИМ башчысына жолугуп, Хорезмдеги мыйзамсыз иштер тууралуу айтып берүү үчүн Ташкентке жөө жүрүш баштаган. Алардын арасында кичинекей эки бала жана төрт айлык ымыркай да болгон.

Бирок алар 50 чакырым гана жол жүрүшкөн. Андан соң милиция аларды кармап, автобус менен алып кеткен. Кийинчерээк Хорезм облустук ички иштер башкармалыгы Ражаб жана анын туугандарынын кармалганын тастыктаган.

Ага чейин милиция кызматкерлери Махмуд Ражабды кармоого аракет жасашкан, бирок туугандарынын жана коңшуларынын каршылыгынан улам, артка кайтууга аргасыз болушкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости