www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Ички аскерлер кызматынын Жалал-Абаддагы бөлүгүндө кырсык катталды. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда  эки жоокердин бири экинчисине ок чыгарып, жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болду.

Алдын ала маалымат боюнча, эки аскер тең Токтогул ГЭС каскадынын автобазасынын жанындагы постто күзөттө турушкан. Бүгүн, 20-ноябрда саат 06:00 чамасында 2002-жылы туулган Т.Б. автомат менен 2003-жылы туулган С.Т`га ок атып алган. Окуядан кийин ал куралды алып, постту таштап кеткен. Каза болгон жоокердин сөөгүн окуяга күбө болгондор табышты.

Учурда Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарларында качып кеткен аскерди кармоо планы жарыяланып, издөө иштери жүрүп жатат. Жоокерлер кызматка жазында чакырылып, кызмат өтөп жатышкан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости