www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Айданбек Акматов “Райымбек Матраимовдун фейктери” деген каралоосу үчүн расмий кечирим сурабаса, сотко беребиз”, – деди, бүгүн, 15-февралда, Райымбек Матраимовдун тарапташы Жоомарт Аматов.

-- Урматтуу Айданбек мырза! Сизди чындыкты айткан кыргыздын намыстуу жигити катары сыйлап урматтаганбыз. Бүгүнкү жыйында Райымбек Матраимовду каралап, атайын өзүңүзгө элдин көңүлүн буруу максатында Али Токтакуновго болушкан болуп, этегин шыпырып өттүңүз. Эмне себептен журналист болуп туруп бир беткей, саясый буюртма менен жасалган иликтөөгө Алмазбек Атамбаев менен Бажынын ошол кездеги төрагасы Кубанычбек Кулматовду кошпой койгону жөнүндө үн катпайсыз? Матраимовдун жакын тарапташы катары айтып койсом, биз фейк эмеспиз, адамбыз.

Райымбек Матраимовдун миңдеген тарапташы бар. Али Токтакуновдун иликтөөсүн биз, Матраимовдун тарапташары, жабылуу аяк бойдон калтырбайбыз. Эгерде калк ичинде кадырлуу болгуңуз келсе, Райымбек Матраимовго асылбай, алдыга кете бериңиз. 

Айданбек мырза, такталбаган маалыматты айтып, “Райымбек Матраимовдун фейктери” дегениңиз үчүн расмий кечирим сурабасаңыз, сизди сотко беребиз. Далили жок маалымат айтканга жана бирөөнү каралаганга укугуңуз жок.

Ага кошумча, “Айданбек Акмат уулу деген серепчи бийликти сындагандан башка эч нерсе билбейт. Дагы кайталап айтам: эч качан Райымбек Матраимовдун тарапташтары фейк болуп элдин алдына чыккан эмес! Отуз мүнөттө Райымбек Матраимовдун миңдеген колдоочусун чогулта алабыз. Бардык эле саясатчыларды өзүндөй ойлобосун. Азаттык, Клооп, Кактус.медиа жана башкалар Али Токтакуновго пахта койгусу келсе, тили менен коё берсин. Булардын Райымбек Матраимовдун атын атаганга да акысы жок! Эси барда этегин жыйып, “шефинин заказын” башкача аткарсын.

Кызыгы, адам укугун коргогон талкууда Айданбек Акматов өзү адам укугун тебелеп жатканын түшүндү болду бекен. Же Матраимов үн катпайт экен деп, кытыгылап көрдүбү? - дейт Жоомарт Ааматов.

Эске сала кетсек, бүгүн, 15-февралда, Жогорку Кеңештин сөз эркиндиги жана адам укуктары тууралуу талкууда Айданбек Акматов Райымбек Матраимовду баса белгилеп, далилсиз каралап, ага басым жасаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости