www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-- "Фактчек", "Клооп" сыяктуу сайттар Батыш өлкөлөрүнөн каржыланып жатса, улутубуздун, мамлекетибиздин кызыкчылыгын көздөйбү? Же алган акчаларын актоо үчүн туруктуулукту бузууга, сырткы күчтөрдүн мүдөөсүн аткарууга жанталашабы? Деги эле тышкы долбоорлор менен иштеген ЖМКлар өлкөбүзгө канчалык деңгээлде зыян келтирүүдө?”
-- Негизинен, акыркы учурларда Батыш өлкөлөрүнөн каржыланган “Фактчек”, “Клооп”, mediahub ж.б. ЖМКлар Кыргызстанда өзүнчө мафия түзүп, өлкө ичине дүрбөлүң салууга кызыкдар болууда. Тагыраагы, Кыргызстандын ичинде туруп алып, элибизге ачык эле маалыматтык согуш жарыялады.
Бул көрүнүш эгемендүү Кыргыз мамлекети үчүн - трагедия! Мен кыргыздын уулу катары ачык айткым келет, Батыш өлкөлөрүнөн каржыланган ЖМКлар кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын, улуттук баалуулуктарын даңазалаган материалдары жокко эсе!
Качан көрбө: “Кыргызстан болбой калды! Революция кылыш керек!” - деп элдин башын айланткан, улуттук баалуулуктарга каршы келген жаңылыктар, иликтөөлөрдү чыгарып келишет. Батыш өлкөлөрүнөн каржыланган ЖМКларга миллиондогон долларга кандай гана ыплас иштер жасалып жатканын карапайым эл билбейт.
Кыргызстан сырткы душмандардан азыр коркпой эле койсо болот, анткени бизди жок кылууну көздөгөн күчтөр өлкө ичинде ээн-эркин демократиялык баалуулуктарды бетине кармап алып, элди жалган маалымат менен уулап жүрөт. Мындай, мамлекетти бөлүп-жарган ЖМКларды мамлекеттен кетирип, жаап салуу керек.
Булак: Азия News гезити