www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек-ара маселеси бул Кыргызстандагы көзгө көрүнгөн көйгөйлөрдүн бири. Талашсыз, Кыргызстандын бүтүндүгү, биримдиги, тынчтыгы алдыңкы орунда турат. Биринчиден, өлкөбүздө тынчтык болуусу керек. Бир баатыр жоокерибизден айрылдык, дагы бир тобу жарадар болду. Тажик тарап дагы жоокерлеринен айрылыптыр. Жаңжал кандай чыкканда дагы аны токтотуу керек. Эч кандай ачууга алдырбайлы. Күмөнсүз, Кыргызстандын ар бир эр азаматы эли, жери үчүн жанын аябайт. Бирок, бул ал учурга кирбейт.

Азыркы, акыбалда өкмөткө сабаттуу, билимдүү, тажрыйбалуу, эл аралык укукту түшүнө алган, эл аралык деңгээлде сүйлөшүү жүргүзө ала турган адистер керек. Жогорудагы жана башка акыркы окуялар буга мисал. Эл аралык деңгээлде сый-урматка татыган эр азаматтарыбыз жок эмес. Кептин баары кыргыз өкмөтү ошолор менен кызматташкандын ордуна, сабатсыз, жеке кызыкчылыгын жогору койгон кызматкердерди жана эл аралык шылуундар менен иш алып барып жатканы. Кадрлар баарын чечет деген кеп бекеринен чыккан эмес. Адамдык ресурстарды туура колдонуп иштөөсү керек. 

Негизи, премьер-министрдин Баткенге барганы туура болду. Баарын өз көзү менен көрдү, өз кулагы менен укту. Эми, кандай бүтүм кылып, кандай чечимдерге барат көрөбүз. Эгерде, тиешелүү бүтүм чыгара албаса анда кечирип койгула. Ал эми, туура бүтүм чыгарып алдыга жылса, анда азаматтык кылат. Кыргызстандын саясатында оппозициялык саясий күчтүн жоктугу кадыресе билинип жатат. Ар бир маселени коомдук активистер жана Фейсбук колдонуучулары гана көтөрүп чыгып калды. Калган саясий күчтөрдүн баары момун болуп, туура эмес сүйлөп алып шайлоого катышпай калбайын деп отуруп калышты. Мындай шартта саясий атаандаштык жана өнүгүү болбойт.

Жоомарт Жолдошев, юрист. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости