www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казахстанда бири-бирин кайталаган ашыкча институттар жоюлуп мамлекеттик кызматкерлердин саны кыскартылууда.  Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министри Биржан Нурымбетов,  буга чейин министрликтерде иштеп келишкен жооптуу катчылардын канча айлык алышаарын маалымдады.

Министр Казахстанда жооптуу катчылардын 15 министрликтин тутумунда иш аткарышканын айтты. 
" Катчылар институту бизде 15 министрликте иш алып барышат. Эми жооптуу катчылардын кызматы аппарат башчысынын кызматы менен бириктирилет. Эки кызматтын абалы жана функциялары дагы мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамга да шайкеш келет. Катчылардын орточо айлыгы иш тажрыйбасына ылайык 685тен 715-730 миң теңгеге (128.500-136.000 сом) чейин жетет",- деп билдирди министр. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрь күнү элге кайрылуу жасаган Президент Касым-Жомарт Токаев жооптуу катчылар кызматы жоюулары тууралуу да билдирген.

Асейин Саралаев, Казахстан

Булак: NazarNews.kg

Последние новости