www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунда чыккан өрттөн кийин директор 25 кызматкерди иштен алган деп билдирди.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун директору Самидин Шабралиевдин айтымында, 9 дарыгер убактылуу ишин токтоткон.
Алардын арасында: эки кардиолог, эки эхокардиограф, эки кардиохирург, бир реаниматолог, бир лаборант жана бир фармаколог. Шабралиевдин айтымында, өзгөчө кырдаалга байланыштуу ишин убактылуу токтоткон медицина кызматкерлерине эмгек акысынын 70%ы төлөнөт.