www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөк кан тамыр оорусу кайсы учурда оор өтөт?

Өлкөбүздө жүрөк-кан тамыр оорусу менен ооруп, өлүмгө учурагандар көп кездешет. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, көп жылдан бери өлүмгө учурагандардын саны бир калыпта, 50%дан өйдө көрсөткүчтөн түшпөй турат. Айрыкча COVID-19 вирусу жүрүп жатканда жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар арасында өлүмгө учурагандар көп кездешкен. Ошондуктан өлкөбүздөгү бардык деңгээлдеги ооруканалардан сурамжылоо жүргүзүп, беш жылдык программа түзүп чыктык. Жыйынтыгында жарандардын көпчүлүгү ден-соолугуна жетишээрлик көңүл бурбай тургандыгы маалым болду. Кан басымы көтөрүлгөн адамдардын саны өлкөдө өтө көп. Дарыгерлер бейтаптын кан басымын текшерип, дары ичип, дарыгердин көзөмөлүндө дарыланыш керек экенин айтса да көңүл бурбай жүрө бергендер көп.

Биринчиден, тамеки чеккен адамдардын саны өтө эле көп. Андан кийин, туура тамактануунун жоктугу. Бул нерсе ашыкча салмак менен жабыркагандарга, жашоосунда активдүү кыймыл-аракет жасабаган адамдарга көбүрөөк тиешелүү. Ага кошумча ар бир адам өзүнүн кан басымын билип, жогорку деңгээлде болсо аны дарылоого кызыктар болушу зарыл. Ар бир үй бүлөдө кан басымды өлчөөчү аппарат болушу шарт. Анын баасы дарыгер жазып берген таблеткалардан арзаныраак турат.Андан тышкары, кандагы кант диабет оорулары жүрөк кан басым ооруларына жакын болот. Эгерде диабет оорусу болсо, ошол адамда жүрөк кан тамыр оорусу да оор түрдө өтөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости