www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөктүн орду капчыкта эмес, көкүрөктө болушу керек

Адамзатынан өйдө болуш үчүн өзүңдөгү адамгерчиликти сакташың керек.

(Евгений Михайлович Богат)

Бир нече тамчы адамгерчилик дүйнөдөгү баардык эрежелерден кымбат.

(Жан Пиаже)

Көркөмдүк көздү сүйүнтсө, адамгерчилик жүрөктү сүйүнтөт.

(Петр Квятковский)

Кечээги адам бүгүнкү чочко болуп калышы мүмкүн.

(Станислав Ежи Лец)

Күн айланасын булуттар ороп алса да жарык чачканын токтотпойт. Адам да аны айбандар тегеректеп алса да адам бойдон калышы керек.

(Оксана Голвина)

Саясый милдетти өзгөртсө болот, бирок адамдык милдет өзгөрбөшү зарыл.

(Жозеф Эрнест Ренан)

Дайыма баатыр болуш кыйын, бирок дайыма адам болсоң болот.

(В.Гёте)

Айбанга окшош болгонго караганда, айбан болгон жакшы.

(Ашот Наданьян)

Жырткыч – бул жырткыч, айбан – бул айбан, адам баласы гана жырткыч да, айбан да боло алат.

(Ашот Наданьян)

Эгер сени пайдаланып жатышкан болсо, демек, жакшы адамдарга дале талап бар экен.

(Михаил Мамчич)

Адам боло алган киши гана адам бойдон кала алат.

(Онега Ковригина)

Ал кылмыш жасады: өзүндөгү адамды өлтүрдү.

(Станислав Ежи Лец)

Адамдык сапаттары бар карышкыр али жарала элек, ал эми карышкырлык сапаттары бар адамдар болсо толтура.

(Силован Рамишвили)

Кудай – адамгерчиликте. Миллиондогон кишилер аны акылдан издешсе, саналуу гана киши жүрөктөн издейт.

(Константин Медей)

Башкалардан адамгерчиликти көргөндө, бизде да адамгерчилик ойгоно баштайт.

(Андей Лаврухин)

Адам тең укуктуулукка эмес, адамгерчиликке муктаж.

(Владимир Микушевич)

Жүрөктүн орду капчыкта эмес, көкүрөктө болушу керек.

(Силован Рамишвили)

Атак-даңкка жутаган адам өзүндөгү адамды жеп салат.

(Станислав Ежи Лец)

“Бир ууртам таза суу ичсем” деп кыялданган киши “айфон алсам” деп кыялданган кишиге караганда алда канча өйдө.

(Белгисиз автор)

Эгер сен жетимге жылуу сөз айта албасаң, демек, карышкырлардын арасында өсүптүрсүң.

(Ишхан Геворгян)

Жүрөгүң менен бүт дүйнөнү жылытканды күндөн үйрөнөлү.

(Константин Мадей)

Адамгерчилик адамдын эти жыттанган жерде эмес, адам жыттанган жерде болот.

(Сергей Зайцев)

Телегейи тегиз пенде адамгерчилигин жогото баштайт.

(Галу Галина)

Ойгондуңбу? Эми өзүңдөгү адамды ойгот.

(Аркадий Теплухин)

Адамдар жакшы көрбөгөн кишини Кудай деле жакшы көрбөйт.

(Талмуд)

Кээ бир кишилер майып болгондо гана бир аз адамга окшошо башташат.

(Дарий)

Адамдык таажысы болбосо падышалык таажыдан не пайда?

(Силован Рамишвили)

Булак: Азия News гезити

Последние новости