www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча өлкөдө жалпы 34 бүтүрүүчү, анын ичинен Бишкек шаарынын муниципалдык мектептеринин 16 бүтүрүүчүсү алтын сертификатка ээ болушту.

Бул тууралуу Билим берүүнү баалоо жана окутуу методдору борбору (БББМБ) билдирди.

Маалыматка ылайык, алтын сертификат — тестирлөөдөгү эң жогорку жыйынтык үчүн ыйгарылуучу абройлуу сыйлык болуп саналат.

2025–2026-окуу жылында борбор калаадагы 120 муниципалдык мектепти 11 869 бүтүрүүчү аяктаган. Алардын бардыгы, ошондой эле мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан.

БББМБнын расмий маалыматына ылайык, республика боюнча ЖРТ-2026да эң жогорку упай топтогон 55 бүтүрүүчү алтын сертификатка татыктуу болгон. Алардын ичинен 34 бүтүрүүчү жалпы тизмеге кирсе, анын 16сы Бишкек шаарындагы муниципалдык мектептердин окуучулары болуп саналат.

Адистердин баалоосунда, мындай жыйынтык борбор калаадагы билим берүүнүн сапатынын жогору экенин, мугалимдердин кесипкөйлүгүн жана окуучулардын жетишкендикке умтулуусун көрсөтөт.

Бүтүрүүчүлөргө, ата-энелерге жана мугалимдер жамаатына жетишкен ийгиликтери менен куттуктоо айтылды.

Последние новости