Жубайынын мурдун тиштеп алган жаран 3 жылга эркинен ажыратылды
Борбордук Азия жаңылыктары  |   |  2294

Өзбекстанда эркек киши кайын атасынын үйүндө аялы менен уруша кетип, анын мурдун тиштеп алган. «Qalampir» басылмасынын айтымында, ал 3 жыл 1 айга эркинен ажыратылды.

Окуя Анжиян облусунун Булакбашы районунда болгон.

Маалыматка ылайык, кол салган адам окуя болгон жерден качып кеткен. Соттук-медициналык экспертизанын жана дарыгерлердин айтымында, жабырлануучуга мурдун калыбына келтирүү үчүн операция талап кылынат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями