www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
11-июндан тарта жума намазын мечитте окууга уруксат берилди. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлайт. Муфтият мечитке келгендерди санитардык эрежелерди бекем сактоого чакырат.
Муну менен катар эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу республикадагы бардык мечиттерде сактык чаралардын сакталуусу талап кылынат.
Талаптар:
күнүмдүк беш убак жана жума намазына келүүчү жарандардын беткап тагынуусу талап кылынат;
мечиттин айланасына дезинфекциялоочу каражаттарды жана жарандардын дене табын текшерүү иш-чараларын жүргүзүү керек;
мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо жана мечиттин сыйымдуулугунун 50% ашпоосу зарыл;
жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
дааратты үйдөн алуу сунушталат;
жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын мечитке келбей туруусу талап кылынат;
мечитке келген жарандар көп убакытка кармалбай, 15-20 мүнөттүн аралыгында чыгып кетүү сунушталат;
ар бир адам мечитке келгенде жайнамазын ала келүү сунушталат.
“Республикалык штабтын чечимине ылайык, санитардык сактык чараларын толук сактоо менен бирге жалпы жарандарды беш убак намазга жана жума намазына келүүдө жогорудагы талаптарды толук сактоого чакырабыз”, – деп кошумчалашты муфтияттан.
Булак: NazarNews.kg