www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жумгал районунда мыйзамсыз жеке менчикке берилген калктуу конуштагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды.
КР Башкы прокуратурасынын маалыматына таянсак, Жумгал райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышына жүргүзүлгөн текшерүүдө, 2020-жылы Чаек айыл аймагында жайгашкан калктуу конуштагы 0,21 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгендиги аныкталган.
Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 10 миллион 830 миң сомго бааланган 0,21 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.