www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин райондук бир мандаттуу округдан 28-майда өткөн шайлоодо биринчи жана экинчи орунду алышкан Дамира Ниязалиева менен Улан Сариевдин добуш сатып алууга байланышкан окуясынан улам алган добуштары жокко чыгарылып, кайрадан шайлоо өтүшү мүмкүн болуп турат.
Мына ошол шайлоого катышкан 30 талапкердин арасында айтылуу Өмүрбек Суваналиев да бар эле. Алган добушу миңге жетпептир. Болгону 886 добуш араң алган.
Ошол себептен, “кыргыз алыңа карап иш кыл, мурдуңа ченеп бышкыр” деген... Анан төшөгүнө карап бут сунбай, илгерки жалган атагына жамынып желпине бергендин натыйжасы ушул болду.
Эми анча-мынча элдир-селдир эси калса, мындан ары курулай чамына бербестен, кадыры кайтыш болгонун түшүнөөр десек, тилекке каршы, "уйга жүгөн салабы, көнгөн адат калабы" болуп, добуш алалбай калганын "башын жуубай биттен көрөт, идишин жуубай иттен көрөт" болгон аялдай бийликти күнөөлөп чыкты.
Бийлик добуш сатып алгандардын добуштарын жокко чыгарып, мыйзамдуу, акыйкат чечим кабыл алып жатса да, андан да кыйкым издеп, "бийлик эки талапкерди сүрөдү, аларга акча таратканга уруксаат берди" дейт, да анан кайра "экөө кармалып соттолуп жатат" дейт. Бийлик аларга акча таратканга уруксаат берсе, кармап соттойбу? Бир сөзүнө, бир сөзү каршы. Логикасы жок эле саясатташтырып жумурткадан кыр чыгара бериптир эргул.
Образдуу айтсак, бир кезде "Каттани" атыгып атагы таш жарган Суваналиевди экс-президент Алмазбек Атамбаев "Көтани" деп айткандай эле болду.
Булак: NazarNews.kg