www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкада Түндүк-Батыш университетинин окумуштуулары жумуртканы ашыкча жеп алуу эрте өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин божомолдошту.
Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Адистердин айтымында, жумуртканын сарысында холестерин көп болгондуктан, адам жумасына үч гана жумуртка жесе кээ бир олуттуу оорулардын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн.
Окумуштуулар изилдөө жүргүзүп, анын жүрүшүндө Америкадагы 29 миңден ашык адамдын ден соолугу тууралуу маалыматтарды изилдешкен. Катышуучулардын орточо жашы 51,6 жашты түзгөн, алардын абалы 17,5 жыл бою көзөмөлгө алынган.
Адистер изилдөөнүн катышуучуларынын тамактануу адаттарын анализдеп, адам жумасына үч жумуртка жесе жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылышы мүмкүн деген жыйынтыкка келишкен. Байкоо башталгандан кийин 20 жылдын ичинде изилдөөгө катышкан 5400 адам бул ооруларга туш болсо, 6132 адам табигый өлүмдөн өлгөн.
Башка нерселер менен катар, жумуртканын, айрыкча сарысын ашыкча колдонуу кан тамырлардын бүтөлүшүнө, атеросклерозго таасирин тийгизет жана инсульт коркунучун жогорулатат.
Булак: NazarNews.kg