www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 23-апрелинде Бишкек мамлекеттик университети К. Карасаев атындагы имаратында Бош орундар жарманкеси, Карьера күнү жана Ачык эшиктер күнү өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирет.

Иш-чаранын негизги максаты — жарандарды, айрыкча жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, билим берүү мекемелери менен эмгек рыногунун ортосундагы өз ара байланышты чыңдоо, ошондой эле калкты учурдагы бош орундар жана эмгек рыногундагы заманбап тенденциялар тууралуу маалымдоо.

Жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюмдардын өкүлдөрү катышат. Жалпы сунушталган бош орундардын саны 5000ден ашып, өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы сектору жана телекоммуникациялар сыяктуу ар түрдүү тармактарды камтыйт.

Иш-чаранын алкагында катышуучулар үчүн төмөнкү мүмкүнчүлүктөр каралган:
— иш берүүчүлөр менен түз маектешүү;
— ишке орношуу боюнча кеңештер;
— резюме түзүүгө жардам;
— эмгек рыногунун абалы жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу презентациялар;
— стажировка жана кесиптик өнүгүү программалары жөнүндө маалымат.

Мектеп окуучулары үчүн кесиптик багыт берүүчү атайын программа уюштурулат: тесттер, интерактивдүү оюндар жана интеллектуалдык викториналар. Бул алардын жөндөмдөрүн, кызыгууларын аныктоого жана келечектеги кесибин туура тандоого көмөк көрсөтөт.

Ошондой эле иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери мамлекеттик колдоо чаралары боюнча кеңеш беришет, анын ичинде кесиптик окутуу, акысыз кыска мөөнөттүү курстар жана кайра даярдоо программалары. Мындан тышкары, эмгек инспекциясынын кызматкерлери жана чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун өкүлдөрү тиешелүү маалыматтарды беришет.

Последние новости