www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индонезиянын тургуну Фира аттуу аял күйөөсү экинчи аял алганын билип, ажырашууга арыз жазган. Бул тууралуу The Thaiger басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, аял төрт жаштагы кызын төрөлгөндөн тарта жалгыз чоңойткон. Фиранын күйөөсү үй-бүлөсүн багуу үчүн Сингапурда жашап, иштеп жүргөн. Аялдын айтымында, кызы атасын жанынан такыр көргөн эмес. Фира күйөөсүнүн жумушуна байланыштуу башка өлкөдөн кайтып келе албасына ишенип, аны менен интернет аркылуу байланышып турган. Күйөөсү аялынын билдирүүлөрүнө сейрек жана кызыксыз жооп берген, бирок аял аны дайыма жумуш менен алек деп ойлочу.
Бир күнү Фиранын досу күйөөсүнүн башка аял менен түшкөн сүрөтүн жиберет. Көп өтпөй күйөөсү Сингапурда башка аялга үйлөнгөнү белгилүү болду. Күйөөсүнүн жашыруун аялы бар экенин билген Фира аны менен ажырашууну чечкен. Аял үй-бүлөсүнө күйөөсүнүн алдаганы тууралуу айтып, ошондой эле социалдык тармактарда аны чыккынчылык үчүн айыптап, далилдерди жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg