www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облустук соту Токмокто 13 жаштагы кызды зордуктаган окуя боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу облустук соттон билдиришти.

Белгиленгендей, 13 жаштагы кызды зордуктоо фактысы боюнча Токмок шаарынын милициясы жабырлануучунун кошунасына кылмыш ишин козгогон.

Токмок шаардык соту соттолуучуну күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. 2023-жылдын июнь айында Чүй облустук соту шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Эске салсак, буга чейин Токмок шаарында 2017-жылдан бери 13 жаштагы кыз кошунасы тарабынан сексуалдык зомбулукка кабылып, кош бойлуу экени белгилүү болгон. Соттук териштирүүлөр төрт жылга созулган. Айыпталуучу тукумсуз экенин айтып, бала андан эместигин билдирген.

Бирок, ДНК изилдөөнүн натыйжалары айыпталуучу наристенин атасы экенин тастыктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости