www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Сутенерша» - депутат «Мамочка-Гүлкандын» жубайы Мирбек Асанакунов деген АШАнын жан-жөкөрү бар, эл эт жесе, эт жейт, эл курт жесе курт жеген. Европа Шаркетине жегенге уруксат берилген курт-кумурскалардын тизмесин кеңейтүү чечимине байланыштуу Катардын Саламаттыкты сактоо министрлиги курт-кумурскалар камтылган азык-түлүктөрдүн сатылышына тыюу салды. Кээ бир өлкөлөрдүн тамак-аш даярдоодо курт-кумурскаларды колдонууга уруксат берүү чечими тууралуу сөз тарагандан кийин, Коомдук Саламаттыкты сактоо министрлиги курт-кумурскаларды камтыган азык-түлүктөрдү Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү адал тамак-ашка карата техникалык талаптарга жана курт-кумурскаларды, белокторду же алардан алынган кошумчаларды колдонууга тыюу салган ыйгарым укуктуу органдардын диний пикирине ылайык келбегендигине байланыштуу. Министрлик аккредитацияланган эл аралык лабораториялар мусулман принциптеринин негизинде иштеген тамак-аш азыктарынын курамындагы белоктун келип чыгышын кылдат текшерип жатканын баса белгиледи.
Акыркы учурларда УКМК ар кайсы тармакка жайылып кеткен диний агымдарга тыгыз көңүл буруп, каттуу күрөшө баштады. Бул көрүнүш эң жакшы десек болчудай. Тактап айтканда учурда Кыргызстанда 73дөн ашуун диндин агымдары жайылып кеткен. Мындай көрүнүш биздин кошуна мамлекеттерде четин дагы көрбөсөк, мусулман дүйнөсүнүн чок ортосу болгон Сауд Арабияда деле Кыргызстандагыдай динге болгон баш аламандык жок. Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Тажикстанда, Казакстанда, Орусияда жана Иранда «Таблиги Жамаатын» ишмердүүлүгүнө такыр тыюу салынган. Кыргызстанда гана «Таблиги Жамаатка» тыюу салынбай сакал коюп, пакистандыкча кийинип, сланец же галош кийип, «40 күн даваатка чыккыла!» деп уюштуруу иштерин ар кандай жолдор менен ээн-эркин жүргүзүүдө. Бул тууралуу УКМКнын тийиштүү өкүлдөрү өтө тыкыр изилдеши керек.
Тилекке каршы, Кыргызстанда эл өкүлдөрү Жогорку Кеңеште акылдуу болуп даават айтып олтурганы бул жат көрүнүш. Айрым терс жолдо жүргөндөр Кудайды курал, динди маска кылып, динди дагы булгап жатканы өтө өкүнүчтүү. Бул багыт менен кете берсек арты чоң трагедияга алып келе тургандыгы айдан-ачык. Болбосо бул көрүнүштү далилдеп же тактоо үчүн дүйнөлүк мусулмандар кеңешине кайрылбасак, динди эрмектегендер ашынып кетти. Жалпыбызга маалым болгондой Жогорку Кеңештеги "маасы менен гөлөш" кийген эл өкүлдөрү дин тууралуу талашып-тартышып олтурганы көзүбүздү алайтып, оозубузду ачырды.
Төмөндө "даават" жана «ТАБЛИГИ ЖАМААТ» тууралуу Баш мыйзамдын баш сөзүн окубаган эл өкүлдөрүнө, окурмандарга жана "далактай" берген айрым депутаттарга карай:
Эл аралык деңгээлдеги өтө ири, фундаменталисттик мүнөзгө ээ диний кыймыл болуп саналат. Англиянын колониясы болгон Индияда аскер казарманын коменданты болуп иштеган. Англиянын чалгынчысы, подполковник Лоуренс-Аравийский Томас Эдвард 1927-жылы Индиянын Меват аймагында исламдын деобандий багытындагы көрүнүктүү ишмери Моулан Мухамед Ильяс Кендехлевини жетекчиликке дайындап, “Таблиги Жамаатты” уюштурган. Ошентип Англия мамлекетинин башка өлкөнүн элдерин диний жактан бөлүп-жаруу Миссиясынын бир бөлүкчөсү болгон диний ишмердүүлүгү Таблиги Жамаат аркылуу башталган. Пакистан Индиядан бөлүнгөндөн кийин англичандар “Таблиги жамааттын” штаб-квартирасын Пакистандагы Райванде шаарына көчүрүшкөн.
1927-жылдан бери дүйнө жүзүндө анын жолдогон миллиондогон мусулмандар даваат аркылуу пайда болгон... «Таблиги жамааттын» даваатчыларынын сырткы келбетине талап кылынган мүнөздүү нерсе—узун сакал коюу, пакистандыктарга таандык кийинүү, буттарына сланец же галош кийип жүрүүнү, “шарияттагы диний практика” деп түшүндүрмө беришет. Ислам динине таандык диний китептердин ичинен «Таблиги жамаатын» жолунда жүргөндөр жалаң «Куранды» жана 1920-жылы Моулан Мухамед Ильяс Кендехлеви жазган 7 тексти «Таблиги низабды» («Таблигинин окуу жыйнагы») гана окуу керек дешет.
Даватчылар өз алдынча чечим чыгара алышпайт. Бардык маселе 10 кишиден 500 кишиге чейин болгон жыйында «Машфарада» чечим кабыл алынат. «Таблиги жамааттагылар» тынбай активдүү аракетте туруп, өзүлөрүнүн жашоо-турмушун ошого баш ийдирип, адистешкен миссионерлерге айланат. Алар үчүн талап кылган нерсе—жыл сайын 40 күн даваатка чыгуу, бир айда 3 күн даваатка чыгуу, апта сайын 2 ирет жумуштун жарымынан кийин 2 сааттан уюштуруу иштерине убактысын жумшоо болуп эсептелет.
Сакал коюп, пакистандын улуттук кийимин кийинип, узун көйнөк кийип, машвара (чогулуш) өткөрүп, элди даваатка чакырып жүргөндөр жогоруда айтылгандай 1927-жылы Индияда исламдын деобандий багытындагы Моулан Мухамед Ильяс Кандехелеви ойлоп тапкан кыймылдын мүчөлөрү болуп саналат. Көп кыргыздар аны билбей, “ислам деген ушул турбайбы?” деп бул секта чалышка кирип алып, көк мээ болуп жүрүшөт...
Бул сектадагылар өздөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу айтуудан басма сөздөн, бирөөлөр менен кокусунан байланышуудан качышып, финансылык каражат каяктан келгендигин катуу жашырышат. Мындан тышкары күн сайын намаз окуу булар үчүн катуу эреже болуп саналат. Келечек багыттарды аныктап тактап, жаңы окуу куралдарын, жаңы кайрылууларды алуу, даярдыктан өтүү үчүн Райвандедеги (Пакистандагы) «Таблиги жамааттын» штаб-квартирасына барышат.
«Таблиги Жамаат» диний иштерде саясий максатты көздөбөгөн сыяктуу көрүнөт. Талибдерден айырмасы; «Куралдуу жол менен эмес, табигый жол менен саясий түзүлүштү өзгөртүү керек жана үгүт-насаат аркылуу исламды дүйнө жүзүнө жайылтуу туура» деп эсептешкени менен радикалдуу ислам жолуна көпчүлүк жаштар дал ушул «Таблиги жамаат» аркылуу келе тургандыгын, террористерди жашырып жардам бергендиктерин айрым бир ММКларда жазып чыгышкан.
Ал эми француз басмаларында «терррорчулардын 80 пайызы ушул «Таблиги Жамааттан» чыккан, 1994-жылдагы Парижде жана Марракшеде болгон террордук жардырууларга ушул жамааат жоопкерчиликтүү» деп баа беришкен. Орусиянын атайын кызматтары «Таблиги Жамаат» террордук кыймылдар менен түздөн түз жана кыйыр түрдө кызматташат деп билдирген. Өзбекстандын бийлиги буларды, «даваатчылар өзүлөрүнө адамдарды тарткандыгы жана 400 адамды өлкөсүнө киргизгендиги» үчүн күнөөлөйт.
Айрым бир булактардын билдиргенине караганда 2002-жылы 27-февралда Индиядагы Гуджарат штатындагы индиялык активисттер түшкөн поезди жардыруу «Таблиги жамааатын» лидердеринин бири Маулан Умарджин тарабынан даярдалаган деп билдиришкен. Бул акциянын акыры аларга жооп катары индус-радикалдардын күнөөсүз мусулмандарды курмандыкка чалып, талкалап-кыйратуусу менен аяктады.
Филиппин бийликтери; «Таблиги жаматтын» саны өлкөдө 11 миңге жетти, алардын каналы аркылуу Сауд Аравиясынан террористерге акча келип түшүп жатат, мындан тышкары Пакистандан боевиктерди алып өтүүгө таасир көрсөтүүдө» деп күнөөлөгөн. Пакистандык жана индиялык баяндамачылардын пикиринде «Таблиги жамаат» террордук уюм «Харкат-уль Моджахеддиндин» (Моджахеддер кыймылы») калыптанышына негизги ролду ойногондугу айкындалган.
Бул диний кыймыл, “Моджахеддер кыймылы” 1980-жылы Райвандеде (Пакистан) негизделип, анын басымдуу көпчүлүк мүчөлөрүн «Таблиги жамааттагылар» түзүп, ошол эле учурда алар «Таблиги жамаатта» да мүчө болуп турушкан. «Таблиги жамааттан» чыккан дагы бир террордук топ «Харкат-уль-Жихад-е-Ислами» (Ислам жихадынын кыймылы») советтик аскерлер Авганистанга киргенде пайда болуп, кийин Джаму жана Кашмир штаттарында жана Индиянын башка жерлеринде зордук-зомбулук көрсөтүү актыларын жасоого өткөн.
Пакистандык ММКлардын маалыматтарына караганда «Таблиги жамааттын» таламдаштары ачык эле саясий күрөшкө чыгышып, жашыруун кутумдук кылышып, өлкөдө бийлик үчүн күрөш башташкан.
1990-жылдары кыймылдын көрүнүктүү мүчөлөрү Премьер-министр Наваз Шарифтин (анын атасы кыймылдын көрүнүктүү мүчөсү жана финансисти болгон) жардамы менен Пакистан бийлигинин жогорку тепкичтерине жетишкен. Кыймылдын лидерлеринин бири Рафик Тарар Президент болгон. Дагы бир көрүнүктүү мүчөсү генерал Жавед Назир ведомстволор аралык чалгындоонун Башкармасынын начальниги болгон.
Ошол учурда Премьер-Министр болуп турган Беназир Бхутто исламисттерге, таблигчилерге каршы чыкканда таблигчилер аны бийликтен кетирүүнү пландаштырышкан.1995-жылы Пакистан армиясы бир канча аскерий жана граждандык адамдардын мамлекеттик бийликке төңкөрүш жасоого умтулган аракетеринин алдын-алуу жөнүндө жарыя салган. Алар айткандардын баардыгы тең «Таблиги Жамаатка» жана «Харкат-уль-Моджахединге» таандык болгон. Кутумчулар Беназир Бхуттону өлтүрүүнү да пландаштырышкан.
Жаштарды өзүлөрүнө тартуу ыкмасы бардык өлкөлөрдө бирдей жүргүзүлөт. «Таблиги Жамаатын» ячейкасына кошулгандарды жергиликтүү мечиттерде, ислам борборлорунда бир канча үгүт-насаат иштеринен өткөргөндөн кийин активдүүлөрдү жана жаңыларды төрт айлык кошумча даярдыктан өткөрүү үчүн Райвандеге чакырышат. Алар Пакистанга келгенде айрым бир террордук топтор алардын кээ бирөөлөрүн тосуп алышат да, аскердик даярдыктан өтүү сунушун айтышат.
Вахабизмди тутунгандар «Таблиги Жамааттагылар» тууралуу «ислам динин боюнча терең илими жок» деп жактырбагандай (вахабиттердин оюнча) сөз айткандары менен акыркы он жылдыкта вахабиттерде лидерлик кылган Шейх Абд аль Азиз ибн Баз «Таблиги Жамааттын» эмгегин баалап, өзүнүн «бир туугандарына» (вахахбиттерге) таблигчилер менен бирге иштөөнү сунуш кылган.
«Таблиги Жамаатагылар» дүйнөдө тынчтык образды жайылтууга аракет кылышкандай болгону менен реалдуу алып караганда исламдагы «Таблиги Жамаат» башка ислам фундаменталисттик кыймылдарга окшоп эле радикалдашуунун тенденциясында экендиги жөнүндө бир катар эксперттер баа беришкен.
Башка жердегилерден айырмаланып, Кыргызстандагы «Таблиги Жамааттагылар» диний үгүт-насаат иштеринде өзүлөрүнүн идеологиялык багытына ылайыктуу «Хизбут-тахририге», салафиттерге жана жихадчыларга карата каршы сөздөрүн айта беришет, жашырынып бекинишпейт. «Таблигинин окуу жыйнагынын» эрежесинде жазылган үгүт-насаат иштерин жашыруун деле жасашпайт, талашып-тартышпайт. Сылык жана жагымдуу сүйлөөгө аракет кылышып, аллах жолуна чакырууга аракет кылышып, иштерин жымсал жүргүзүшүп, компотентүү мамлекеттик органдар ж.б. бийлик ээлери менен деле качпай байланыша беришет.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg