www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчиси Эдил Байсалов АКШнын президенти Дональд Трампка ишеним грамоталарын тапшырды.

Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен билдиришкендей, ишеним грамоталарын тапшыруунун расмий аземи 21-майда Ак үйдө өттү.

Эдил Байсалов Президент Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирип, Кыргызстандын кыргыз-америка кызматташтыгын андан ары чыңдоого болгон умтулуусун ырастады.

Элчи Кыргыз Республикасы эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарынан бери АКШ тарабынан көрсөтүлгөн колдоону жогору баалай турганын белгилеп, АКШнын Борбордук Азия жана аймак менен кызматташууга болгон туруктуу милдеттенмесине ыраазычылык билдирди.

Дональд Трамп жаңы элчини жылуу кабыл алып, эки тараптуу мамилелерди андан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Ал эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы жылуу байланыштардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Эдил Байсаловдун миссиясы Кыргыз Республикасы менен АКШнын ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташтыкты чыңдоого салым кошот деп ишенерин билдирди.

Последние новости